Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

«Аламүдүн» базарынын директорун өлтүрдү деген шек менен 3 киши кармалды


БИШКЕК. «Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» базарынын директору Шаршенбай Мааткабыловду, анын аялын жана балдызын өлтүргөн» деп шек саналган үч адам кечээ Кыргызстандын аймагынан кармалышты жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. 17-19 жаштагы бул үчөөнүн экөө мурда соттолгон. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Болот Ногойбаев бүгүн «Кабар» маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, шектүү адамдардын биринин көргөзмөсү боюнча ушул эле күнү Раздольное айылындагы дачалардын биринен Мааткабыловдордун эки сейфи табылды. Шектүү адамдарды кармоого Мааткабыловдордун эки кызы жана аларды көргөн күбөлөр жардамдашты. Министрдин орун басары кылмыш тоноо максатында болгондугун, окуянын мындан аркы өнүгүшүн тергөө аныктаарын билдирди.
Мааткабыловдордун үй-бүлөсүнөн үч адам 30-июндан 1-июлга караган түнү Бишкек шаарындагы «Ынтымак» жаңы конушундагы өз үйүнөн атылып өлтүрүлгөн.
Бүгүн Шаршенбай Мааткабыловдун жана анын өмүрлүк жары Айнура Макеш кызынын сөөктөрү Бишкектин Чоңарык айылындагы мүрзөгө коюлду. Ал эми Айнура Макеш кызынын сиңдиси Бегайым Узакбаеванын сөөгү өзү туулган Жетиөгүз районундагы Барскоон айылында жерге берилди. Бишкекте маркумдар менен коштошууга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Бишкек шаарынын мэри Медет Керимкулов, Ош облусунун губернатору Накен Касиев, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, экс-депутат Данияр Үсөнов, депутаттар, ишкерлер катышып, топурак салышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG