Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

ПРЕЗИДЕНТКЕ БЕРИЛЧҮ КЕПИЛДИК, САЛЫКТАН КАЧУУНУН АМАЛЫ, ЧЕТ ЭЛДИК ТЕКШЕРҮҮЧҮЛӨР


Cаратан жайда кыргыз басылмаларында Көлдө эс алуунун керемети, быйылкы сервистин кандайча уюштурулуп жатканы арбын чагылдырылууда. Басылмаларда кимдин кайда эс алаары кызыктуу темага айланды. Парламент депутаттары жуп каникул алдында кабыл алган президенттин ишмердиги боюнча мыйзам тууралуу макалалар да арбын.

Көл боюнда эс алуунун артыкчылыктары бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде, «Аргументы и факты» апталыгынын Кыргызстанга чыгарылчу тиркемесинде арбын жазылды. Ысыккөл биологиялык станциясынын директору, белгилүү окумуштуу Азат Коңурбаев «АиФ» апталыгында жарыяланган маегинде көл жылдан-жылга көтөрүлүп баратканын маалымдайт. Кийинки жылдары анын деңгээли 45 сантиметрге көтөрүлдү. Бул глобалдык жылуулукка, Арал деңизинин соолуп баратканына байланыштуу. Шамал айдап келген туздуу кумдар мөңгүлөрдү тез эритип, жыл жаанчыл болууда.

«Вечерний Бишкек» гезити голландиялык эл аралык «Хивос» уюму каржылык жагынан көмөк көрсөткөн кыргызстандык бейөкмөт уюмдарга текшерүүчү жөнөтүп жатканын маалымдады. 18-июлдан баштап бул уюмдан материалдык колдоо алган бейөкмөт уюмдардын финансылык ишмердиги текшерилет.

«Аргументы и факты» апталыгынын Кыргызстанга багышталган тиркемесинде жарык көргөн макаласында Садырбек Чериков президенттин ишмердигинин мамлекеттик кепилдигин ырастаган жаңы мыйзамдын кабыл алынышы бийлик ыраатына жол ачаарын белгилейт. «А.Акаев республика элине эркиндик берди, - деп белгилейт автор. - Антпесе кыргызстандыктар азыркы Өзбекстан же Түркмөнстандагыдай коркуп жашамак. Эркиндик берген президентти эми калкы сактап кала алабы?»

Жума күнкү «Агым» гезитинде Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы медициналык реформага арналган 18 жарым миллион доллары кандай жумшалганы Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнүндө» баяндалат. Гезитте Түгөлбай Казаковдун гендердик проблемага арналган көлөмдүү макаласы да жарык көрүүдө. «Басылмада «Аламүдүн» базарынын жетекчиси Шаршенбай Мааткабыловдун кантип өлтүрүлгөнүн маалымдаган материал жарыяланат», деди басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева.

«Реемтсма-Кыргызстан» акционердик коому салыктан качуу амалында сыртка тамеки жөнөткөн болуп, бюджетке 18 миллион сом зыян келтиргенин, 2000-жылдан бери мындай алдоо такай болуп келатканын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити ачыкка чыгарды. Журналист Галина Луневанын жазганына караганда, Тажикстанга, Ооганстанга жөнөтүлдү делинген чыпкасыз чылымдар Бишкектин «Ош» базарында ээн-жайкын сатылган.

АКШ долларынын куну кача баштаганы, дүйнөлүк жүгүртүүдөгү акчанын антип төмөндөшү ириде Кошмо Штаттардын өзүнө керек экендиги, абал өзгөрүүсүз турса өлкөнүн бюджет таңкыстыгы жабылаары Анара Солтоеванын «Долларга колдоо керекпи?» аттуу макаласында талдоого алынат. «Доллар курсунун төмөндүгү атамекен өндүрүшчүлөрүнө жагымдуу шарт түзүп берет», деп белгилейт автор. «АКШ акчасынын курсунун төмөндөшүнөн көбүнесе сырттан товар ташып келүүгө ыңгайлашкан республика анчейин деле зыян тартпайт, тескерисинче бир топ экономикалык маселелерин чечип алат».

Кыргызстанда экономикалык өнүгүүнүн белгиси азырынча көрүнө электиги, бийлик башындагылардын айткан-дегенине карапайым эл алдагачан эле ишенбей калгандыгы бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Марипов менен Байгуттиевдин макаласында козголот. «Аракечтик менен сойкулуктун сазына баткан алакандай улуттун генофонду жок болууда. Аны ойлогон адам аз, бийлик социалдык кыялга чөмүлүп, тиричиликтин түйшүгүндөгү эл өз арбайын согуп, ортону кайдыгерлик ээлеп калган».

«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орун басары Маматемин Рыскуловдон алынган маалыматка караганда, басылманын жума күнкү санында депутаттардын кайда эс алаарын, «Парламент таркатылып кетиши мүмкүнбү?» деген суроону иликтеген макалалар жарык көрмөкчү. Тележурналист Мыктыбек Арстанбектин диний ажырым коркунучу, Улуттук телерадиокорпорациядагы чыгармачылык маанай тууралуу жазган макалалары гезиттин жаңы санында чыгат.
XS
SM
MD
LG