Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ АЯКТАДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бейшемби күнү Эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүк күн өткөрүүнү улантып, 2003-жылы болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн аткарган ишин жетишсиз деп баалаган токтом кабыл алды. Түштөн кийин депутаттар электр энергиясынын тарифин түзүү боюнча маселеге кайрадан кайрылып, өкмөттүн жакынкы келечекке пландаштырган тарифин жокко чыгарган чечим кабыл алышты. Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы ошону менен бүгүн аягына чыкты.

Бейшемби күнү Эл өкүлдөр жыйыны табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөшүп, “өкмөттүн бул багытта жүргүзгөн иши жетишсиз” деген токтом кабыл алды. Ал эми өкмөттүк күнгө коюлган башка 2 маселе боюнча, тактап айтканда кышка даярдык жана көзөмөлдө турган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын аткарылышы жөнүндө маселелерди кароону депутаттар күзгө калтырышты.

Андан кийин алар мурда каралып, бирок акырына чыкпай калган, электр энергиясынын тарифин түзүү тууралуу маселени кароону улантышты. Азыр Кыргызстандын көп жерлеринде электр энергиясы өчүрүлүп жатканы маалым. Анын себебин депутаттар “Улуттук электр тармак” акционердик коомунун башкы директору Бакирдин Сартказиевден сурашты. Анын айтымында, бул электр энергиясынын акысын төлөбөгөндөргө таасир этиш үчүн жасалып жаткан амал. Мындай демилге ушул акционердик коомдон чыккан. Бирок электр бөлүштүрүүчү компаниялар төлөгөн-төлөбөгөнүнө карабай жалпы өчүрүп, тоокканалардагы инкубаторлорго салынган жумурткалар жарабай калган, өндүрүшкө зыян тийгизген учурлар арбын.

- 17-июнда “төлөбөй жатасыңар, 25% азайткыла” деп телеграмма жөнөттүк. Энергия бөлүштүрүүчү компаниялар төлөбөгөндөргө гана бербеш керек болчу. Убакыт жетпей жатса, бизге айтышса туура болмок. Биз деле адамбыз. Берет элек. Тилекке каршы, биздин телеграмманы алып, эч нерсе дешкен эмес. Жалпы өчүрүп жатышат. Мындай кылуу туура эмес. Албетте, төлөбөгөндөрдүн электр энергиясын кесип салуу оор. Бирок муну кылыш керек. Кылмайынча болбойт. Таптакыр төлөбөгөндөрдүн электр энергиясын кесип салганда гана, ал экинчи кайталанбайт, - -деди Бакирдин Сартказиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө энергия компанияларынын аласасы 3 млрд. сомго жетти. Карыздарды бөлүштүрүүчү компаниялар чогултуш керек болчу. Алар чогулта албагандыктан, ташуучу жана өндүрүүчү компаниялар өздөрүнө тиешелүү үлүштөрүн ала алышпай жатышат. “Бизге 40-45% акчабызды бербей жатышат”, - деди Бакирдин Сартказиев.

Ал эми энергия компанияларынын негизги фонддорунун иштегенине 25 жылга жетип, алмаштырыш керек. Эгерде мындай практика улана берсе, Кыргызстан бул стратегиялык мааниси бар тармагынан биротоло ажырап калышы мүмкүн. Тармактын келечеги тууралуу депутат Шамшыбек Медетбековдун суроосуна, Бакирдин Сартказиев “аны коллапс гана күтүп турат” деди. Ал эми депутаттын “Эмне кылуу керек?” деген суроосуна, ал 2 жол бар экендигин айтты.

Биринчи жолу - “Улуттук электр тармакка” электр энергиясын өчүрүп турууга уруксат бериш керек. Бирок өчүрүүнү жеңилдетүү жана координациялаш үчүн 7 энергия компаниясынын үстүнөн бир башкаруучу компания түзүш керек. Экинчи жолу - карызды чогултуш үчүн акчасына карабай жакшы менеджерлер тобун жалдаш керек. “Мамлекетте ал үчүн акча жок, ошондуктан компанияларды менчиктештиргенден башка жол жок”, - деди Бакирдин Сартказиев.

Жакында өкмөт “2003-2006-жылдарга электр энергиясынын тарифи” деген программа кабыл алган болчу. Анда тарифти жыл сайын 15-20% көтөрүп туруу белгиленген. Депутаттар бул программага каршы чыгышты. Алар өкмөттүн бул жөнүндөгү токтомун жокко чыгарып, тарифти кайрадан эсептеп чыгууга өкмөттү милдеттендирген токтом кабыл алышты. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйыны күн тартибиндеги калган маселелерди карап бүтүп, сессия аяктады.

XS
SM
MD
LG