Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ «ПАРЛАМЕНТ КҮЗҮНДӨ ТАРАБАЙТ» ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 3-июль күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандарга караганда, быйыл палата 276 мыйзам долбоорун талкуулап, 237син кабыл алды. 136 мыйзамга президент кол коюп, 12 мыйзамды артка кайтарып берген. Эки айга каникулга тараган Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев палатанын ишмердүүлүгүнө сереп салып, ой бөлүштү.

Адегенде спикер алгач кээ бир маалымат каражаттары «парламентке туугандарын топтоп алды» деп тараткан маалыматты жокко чыгарды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратында 185 киши иштесе, анын 14ү гана оштук экен. «Мына көрдүңөрбү, бул менин туугандарымдын же жердештеримдин биякта иштебегенинин далили» деп алакан жайды төрага. Бул киши мурдагы парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында да төрага болгон. Мурунку мыйзамчы палатанын спикери Усуп Мукамбаевге президент А.Акаев тамаша-чыны аралаш кеп-кеңешин айткан экен. «Сиздин жумушуңуз абдан оор жана зыяндуу, жыйын учурунда сүт ичип турушуңуз керек» деген экен мурдагы спикерге Аскар Акаев. Анысы кандай, бир класстын тентек окуучуларындай 60 депутатты башкарыш кандай оор экенин спикер өзү гана түшүнсө керек.

- Абдан кыйын иш. Ден-соолукка чындап эле зыяндуу. Айрыкча нервге күч келет. Депутаттар ишенип шайлаган үчүн эптеп чыдап келатам, - дейт Эркебаев мырза.

Абдыганы Эркебаев төрагалыкка депутаттардын 38 добушу менен шайланган. Оппозициялык маанайдагы депутаттар «Ак Үйдүн» канатынын астындагы, Аскар Акаевдин тилинен чыкпаган саясатчы катары баа берип да жүрүштү. Акыркы бир нече интервьюларында спикер бийликке катуу сын айтып ийди. Деги эле Абдыганы Эркебаевдин анда-санда минтип сын айтканын эске албаганда, унчукпаган мүнөзүн жактырбаган депутаттар да бар. Көлдөн шайланган Бакыт Керимбеков палатанын отурумунда спикерге бир нече жолу катуу сын айтып, чечкинсиз, жумшак мүнөзүн кемчилик катары баалаган. Ал эми Эркебаев мырза өзү минтет:

- Бул аткаруу бийлиги эмес. Аткаруу бийлигинде бирөөнү бошотуп таштап, катуураак жемелесең болот. Парламент деген коллегиалдуу, демократиялык орган.

Бирок, Эркебаев мырзаны идеалдуу төрага катары баалагандар да бар. Мисалы, Оксана Малеваная «эгер спикер башка адам болгондо, парламенттин өмүрү кыска болуп калат беле» деп түкшүмөлдөйт. Ал эми Кабай Карабеков «бардыгы менен урушпаганга аракет кылган жумшак мүнөзү мурдараак чоң кемчилик болчу» дейт. Карабеков мырзанын оюнда, азыр төрага бир кыйла катуураак мүнөз күтүп, жыйын учурунда талаш маселелерди ошо замат чечип коюуга үйрөндү.

Маалымат жыйынында Эркебаев мырза парламенттин келечеги жөнүндө да айтты. Анын пикиринде, күзүндө парламент тарабайт. «Учурда шайлоо округдарына чапкылап, шайлоо участокторун тактап жүргөн депутаттарды түшүнбөйм. Мага мындай эрте чуркагандар жакпайт» деп билдирди ал. Эркебаев мырза эмки парламенттин да депутаты болууну азырынча ойлонуштура элек экен. «Чуркагандан эмес, буйруктан. Эрте чуркагандар күйүп кетиши, кеч чуркагандар жетпей калышы ыктымал», - дейт ал.

Депутаттар 2-3 жылдан бери кыялданып келаткан гезит эмки парламентке эле буюрат окшойт. Спикердин айтымында, гезитке казынадан 2 миллион сом каражат каралган. Бирок, башка бийлик бутактарынын бут тосууларынан, парламентте бөлмөлөрдүн тартыштыгынан гезиттин багы ачылбаптыр. Регламент тууралуу жаңы мыйзамга «парламенттин басма сөз каражаты болсун» деген норма киргизилди. Балким, эмки парламент өз гезитине ээ болуп калышы бардыр.

Баса, жакында эле кыргыз өкмөтү парламент депутаттарына үй курганга жер бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Мыйзамчы депутаттарга 4 гектар, эл өкүлдөрүнө 3 гектар жер Бишкектин чет-жакасындагы эски аба майданынын жанынан бөлүндү. «Бишкекте чоң үйү бар депутаттарга жер берилбейт», - дейт спикер Абдыганы Эркебаев. Анын айтымында, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия кайсы депутаттын Бишкекте жери же үйү барын аныктап чыгат. Депутат үйдү өз акчасына курат жана ага биротоло кожоюн болот.

XS
SM
MD
LG