Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

ЫСЫККӨЛ ТУРИСТТЕРДИ КҮТҮҮДӨ


Туристтик сезон Кыргызстанда июнь-октябрь айларына эсептелгени менен, күрдөөлдүү учур июль-августка гана туш келет. 2-3 ай гана Ысыккөл үчүн кирешелүү убакыт. Былтыр Кыргызстанга 140 миңдей чет өлкөлүк турист келип, аларды кабыл алып, кызмат көрсөтүүдөн эле 35 миң доллардан ашык киреше түшкөн.

Туристтердин келип эс ала турган негизги жери Ысыккөл болгондуктан, мамлекеттин туризм мекемелери бул аймакка өзгөчө көңүл бурууда. Эл аралык туристтик жармаңкелерге Кыргызстандын турфирмалары барып, туризм боюнча рекламалык буклеттерди, китептерди чыгарышып, коңшу өлкөлөрдө да өкүлчүлүктөр иштеп жатат. Кыргызстанда туризм өнүгүп-өсүп бараткандай сезилет. Бирок Ысыккөлдө эс алуучулардын саны жыл сайын болжолдогондон аз болууда. Эмне үчүн? Бишкектин оюнча, коңшу өлкөлөрдө, айрыкча Казакстанда Түркия менен иштешкен фирмалар Ысыккөлгө туристтерди жибербеш үчүн антиреклама жүргүзүшүүдө. Мурда «көлгө цианид төгүлдү» дешсе, быйыл «көлгө селитра, жер семирткичтер төгүлдү» деген жалган ушак-айыңдарды таратышкан. Бул жөнүндө Кыргызстандын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков мындай дейт:

- Ысыккөлүбүз жөнүндө тескери маалыматтарды Алматыдагы турфирмалар тараткан. Достук келишимдин негизинде Казакстандын туризм мекемелери, Алматынын мэри менен сүйлөшүп, бул жалган ушактарды төгүнгө чыгардык. Көлүбүз бардык каалоочулар үчүн эшигин кенен ачат.

Чынында Ысыккөлгө келип-кеткен туристтердин так санын билүүгө да мүмкүн болбой жатат. Былтыр Көлгө болжол менен 700 миңден ашуун адам келип эс алса, статистикалык маалыматтарда «500 миңдей» деп берилип, калган 200 миңдей эс алуучулардан түшкөн киреше жашырылып, катталбай калган.

Ысыккөлдө саламаттыкты чыңдоочу 100го жакын эс алуучу жай бар. Анын бешөө гана жыл бою иштейт. Жайкы эс алуу маалында 50дөй пансионат, эс алуучу жайлар туристтерди кабыл алып, кызмат көрсөтөт. Калгандары балдар үчүн эс алууну уюштуруучу лагерлер, базалар болуп саналат. Ал эми жайкы сезондо эс алуучуларды 15-20 миңдей адам тейлеп, иш менен камсыз болот. Ошондой эле жеке сектордо да 15-16 миңдей орун табылат дешет. Бул жеке сектордо пансионаттарга караганда баалар арзан, тамак-ашы да дурус. Ошондуктан көпчүлүк эс алуучулар жеке сектордун кардары болушууда.

- Ысыккөлдү биз көздүн карегиндей сактап, Анталиядай тагдырга туш кылбай, экологиясын коргоп, элитардык туризмди өнүктүрүшүбүз керек, - дейт бул жөнүндө Ысыккөл райондук туризм жана спорт комитетинин төрагасы Алмаз Акунов. - Жайкы сезонго жеке сектор да мыкты даярдык көрүп, туристти тейлөөнүн маданиятын жогорулата баштады. Жергиликтүү эл жумушсуз болгондуктан, жайкы учурдан пайда таап калууну көздөп, эс алуучуларга жакшы шарт түзүүнү колго алышкан. Бир күнгө тамак-ашы менен 200 сомдон жай табууга болот. Буларды да түшүнүш керек.

Бирок, жеке сектор салык төлөгөндөн качып, былтыр салыктын планы аткарылбай калган. Ошондуктан быйыл жеке секторго патент берүү маселеси да көтөрүлүп жатат. Жеке менчикке чыгып кеткен пансионаттардан салык жыйнаш оңой эмес. Айрымдары курулуш жайларын кеңейтип жаткандыгын шылтоо кылышса, башкалары жергиликтүү салыкты төлөмүш болуп кутулууда. Чет өлкөлүктөр ижарага алган эс алуу жайларына канча адам келип-кетип жаткандыгын билиш кыйын. Ошондуктан, Ысыккөл району жыл сайын болжол менен 15 млн. сомдук салыктарды ала албай калат.

Ысыккөлдө эс алуучуларга өзгөчө шарт түзүп, камкордукка алыш керек. Каройдогу «Күнөстүү жээк» пансионатынын Казакстан, Орусия менен кызматташтыгы үзүрүн берүүдө.

- Биз Орусиянын ири шаарлары менен, ал түгүл москвалыктар менен да келишим түзүп, бардык жолдомолорду эбак сатып койгонбуз. Казакстандын Байкоңур шаарынан эле 500 турист эс алыш үчүн бизге келишет. дейт пансионаттын директор Жолоочу Исмаилов.

Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын Чолпонатадагы эс алуу жайы 300 миң сомдук жолдомолорун эбак сатып бүткөн. Көлдөгү пансионаттарда бир күнгө 300-500 сомго чейин акы алышса, жеке сектордуку мындан 2 эсе арзан. Ысыккөлдө облустук кирешенин 70% туризм берет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG