Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

НЕМЕЦ ЭКОНОМИКАСЫН САЛЫК САКТАП КАЛАБЫ?


Германияда өкмөттүн планына ылайык, келерки жылдан тартып салык өлчөмдөрү кыскартылышы керек. Бирок ага чейин өкмөттүн сунушу парламентте колдоо табышы абзел. Немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн ишениминде, салыктарды азайтуу аркылуу экономиканы жандандырууга болот. Ал эми айрым эксперттер салык өлчөмдөрүнүн төмөндөтүлүшү бюджет тартыштыгын күчөтүп, Германия Европа Биримдиги алдындагы каржылык милдеттемелерин аткара албай калышы да мүмкүн деп эсептешет.

Салыктарды азайтуу - немец өкмөтү өлкөнүн кургуйга кулап бара жаткан экономикасын сактап калуу максатында иштеп чыккан реформалардын бир бөлүгү. Өткөн айдын башында бийликтеги Социал - демократтар партиясынын чукул курултайы канцлер Герхард Шрөдөрдүн кабинети сунуш кылган реформалар программасын жактырды. Эми реформалар пакетин парламент бекитиши керек. Шрөдөрдүн өкмөтү баарыдан мурда социалдык төлөмдөрдү кыскартууну сунуш кылууда. Салыктарды азайтуу алгач 2005 –жылга белгиленген болчу. Бирок эми салык реформасын да келерки жылдан эле баштоо ылайык деп табылды. Өкмөттүн сунушуна ылайык киреше салыгынын эң жогорку чеги 48,5% дана 42% га, эң төмөнкү чеги 19,8%дан 15 % га түшүрүлүшү керек. Канцлер Герхард Шрөдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда ,бул орто катмардагы үй–бүлө салыкты мурдагыдан 10 % га аз төлөйт дегенди билдирет:

- Сунушталып жаткан салык реформаларына ылайык салык төлөчүүлөр быйылкы жылга салыштырганда келерки 10% га аз төлөшөт. Киреше салыгынын 10%га төмөндөшү ошол акча сарпталат дегенди туюндурат. Бул ички керектөөнү жакшыртат,мыйзамсызга караганда ачык иштөөгө шыктандырат.

Эгер салыктар өкмөт сунуш кылган өлчөмдө кыскартылса, Германиянын бюджети келерки жылы 18 миллиард евро жоготот экен. Немец канцлеринин айтымында, мунун орду субсидиялардын кыскартылышынан, мамлекеттик жаңы займдардын эсебинен жана ишканалардын мамлекеттик пакеттеги акцияларын сатуу аркылуу жабылат. Жогорудагылар - өкмөттүн эсептөөлөрү. Ошол эле учурда салык реформасынан айынан, Германияда бюджет тартыштыгы күчөп өлкө Европа Биримдиги алдындагы каржылык милдеттемелерин аткара албай калышы мүмкүн деп кооптонгондор да жок эмес. Өкмөттүн планы ойрон болуп калышынын жөнөкөй эле себеби катары баяндамачылар менен эксперттер эл салыктан үнөмдөп калган акчасын ички рынокто коротпой эле банкка салууну же товарды чет өлкөдөн сатып алууну көздөгөн жагдайды эске салышты. Германия уюмдун бюджет боюнча эрежелерин былтыр аткара алган эмес, быйыл да орундата албайт. Шрөдөрдүн өкмөтү Германия бул милдети келерки жылы аткара алат деген ишенимде.

Ал үчүн экономика быйыл 0,75%га, келерики жылы 2%га өсүш керек. Жергиликтүү экономикалык институттардын изилдөөлөрү быйыл өсүш болбой турганын, келерки жылы да күмөндүү экенин көргөзүүдө. Анткен менен жакындагы дагы бир изилдөө немец коомундагы оң жышаандан кабар бергенсиди. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары көргөзгөндөй, немецтердин анын ичинде профсоюз мүчөлөрүнүн көпчүлгү өлкөдөгү иш таштоолор экономикага чоң зыян келтирип жатат деп эсептешет экен. Мындай өнөкөт акыркы кездери күч алган эле. Жогорудагы иликтөөнүн жыйынтыктары жарыяланган соң, металлургдардын "ИГ" деп аталган профсоюз уюму Германиянын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан автомобил куруучу ишканалардын 300 миңдей жумушчусунун иш таштоосун токтотту. Алар бир апталык жумуш убактысы өлкөнүн батыш бөлүгүндөгүдөй болуп 38 сааттан 35 саатка түшүрүлүшүн талап кылып жатышкан. Баяндамачылардын пикиринде, бул немец профсоюздарынын соңку 50 жыл ичиндеги өтө ири жеңилүүсү болду. Ал эми айрымдар иш таштоонун аякташын немец коомчулугу мамлекет баарына бирдей жыргалчылыкты узак убакыт бою камсыз кыла албасын түшүнө баштаганын белгиси катары баалап жатышат. Германиянын өкмөтү азыр салык жана социалдык төлөмдөрдөн башка өлкөнүн Эмгек кодексин да реформалоого аракеттенүүдө. Сунушталып жаткан эрежелер ишканалардын өз жумушчуларын иштен бошотуу тартибин жеңилдетүүгө багытталган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG