Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

БРИТАНИЯ ИЧКИ ПАСПОРТ КИРГИЗСЕ, КЫРГЫЗ ИММИГРАНТТАРЫНЫН АБАЛЫНА КАНДАЙ ТААСИР ТИЙГИЗЕТ?


Терроризм, мыйзамсыз миграция жана кылмыштуулук менен күрөштү бетке кармаган Британиянын ички иштер министрлиги 60 миллион британ жаранын атайын иденттүүлүк картасын же ички паспорт алып жүрүүгө милдеттендирүүнү пландаштырууда. Сунушту полиция колдоп жатат, бирок жарандык уюмдар бул чара карапайым адамдардын жеке турмушуна кийлигишүү коркунучун күч алдырат деп эскертип жатышат. Ички паспорт Кыргызстандын Британиядагы 3 жарым миң чакты жаранынын турмушуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Кыргызстандын Лондондогу элчилигинин маалыматына ылайык, Британияда бүгүн 3 жарым миңге чукул кыргыз жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү -- мыйзамсыз иммигранттар. Лондон өкмөтүнүн улуттук иденттүүлүк картасын же ички паспорт киргизүү аракети алардын абалына кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Бул темага кайрылаардан мурда, бул чаранын айланасында Британияда жүрүп жаткан талкууга токтолсок.

Советтер Союзунун жарандары чет өлкөгө чыгуу үчүн, ички иштер министлигинен атайын паспорт алышчу. Болбосо аларда бир гана ички паспорт болгон. Ички паспортто жарандардын туулган жери жана датасы, жашаган жери, үй-бүлө статусу, балдары сыяктуу жеке маалыматтар жазылып, кимдин кайда экенин көзөмөлдөп туруу үчүн кызмат кылган.

Батыш өлкөлөрдө ички колдонуу үчүн атайын паспорт болгон эмес - мейманканага токтогондо кадимки эле айдоочунун күбөлүгү, банктан кредит алганда иштеген жеринен справка жетиштүү эле, ал эми паспорт дегенди чет өлкөгө чыкканда гана эстешчү. Арийне, паспортсуз мындай беймарал жашоонун кедери улам кетип баратат. Соңку кезде батыштык көп өлкөлөр тигил же бул формадагы иденттүүлүк карталарын киргизе башташты. Кезек эми британдарга келген шекилдүү.

Бул өлкөдө ички паспорт Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде киргизилип, 1952-жылы жоюлган. Арийне, Британиянын азыркы жетекчилери эл аралык терроризм, мыйзамсыз иммиграция жана өсүп бараткан кылмыштуулук менен күрөштүн жыйынтыктуу болушун көздөп, бул документти кайра киргизүүнү сунуш кылышууда.

Ички иштер министрлигинин ырастоосунда, ички паспорттун жоктугунан улам, адам жана баңгизат аткезчилиги, мыйзамсыз иммиграция сыяктуу проблемалар курчуп, Британия жылына 2 миллиард доллар чыгым тартып келатат.

Улуттук иденттүүлүк картасын киргизүү идеясын ички иштер министри Давид Бланкет былтыр көтөргөн, быйыл майда ал маселени кайра козгоду. Оппозициядагы саясатчылардын бир тобу бул чараны колдоп жатышат. Полиция да колдоо билдирүүдө. Полиция кызматкерлеринин биримдигинин маалымат катчысы Симон Хамфрей мындай дейт:

- Биздин биримдик бул карта боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан кеңешмелерди кеңири колдойт. Аны бүтүндөй концепция үчүн коркунуч эмес, мүмкүндүк деп караш керек, себеби бул картанын пайдалуу жагы көп, анын аркасы менен кылмыштуулуктун айрым аспектилерин алдын алууга болот. Анын жеке адамдар үчүн да пайдалуу жактары көп.

Адистердин айрымында, ички паспорттун компютерлешкен магниттик картасында паспорт ээси тууралуу жеке маалыматтар сакталат. Дал ушуга байланыштуу, көптөгөн тараптар мындай паспортко каршы чыгышууда. "Хартия-88", "Прайваси Интернэшнл" жана "Либерти" сыяктуу жарандык уюмдарды колдогондор ички иштер министрлигине электрондук почта менен 6 миллион нааразылык катын жиберишти.

Марк Литлвуд - "Либертинин" өнөктүк директору:

- Бул үчүн, супер компютер болушу керек, Британияда 50-60 миллион киши болсо, баарыбыз туурасында жашыруун маалымат ошол компютерде сакталат. Ал компютер ички иштер министрлигинде (катуу кайтарууда) турат дейли. (Бирок), ал маалымат эч качан эч бир башка бирөөнүн колуна түшпөйт деп ким кепил боло алат?

Литлвуд ошондой эле ички паспорт кылмыштуулукту азайтууга огожо болот деген ырастоону четке какты.

- Кошмо Штаттарында ички паспорт, тескерисинче, кылмыштуулукту көбөйткөнүн айгинелеген фактылар бар. Ал жакта паспорт жасоо укмуштуудай кирешелүү бизнеске айланып, иш жүзүндө, уюшкан кылмыштуулуктун чырагына май тамызды. Ал эми Британияда ички паспорт саламаттыкты камсыздоо, социалдык төлөмдөр сыяктуу тармактарда пайдаланылса, аны жасоо аракеттери да көп болоорун бөркүңүздөй көрүңүз.

Полициянын өкүлү Хамфрей мындай тынчсызданууларга карабастан, бул карталардын зыянынан пайдасы көп болот деп эсептейт:

- Адамдардын эркиндиктери, укуктары жана жеке турмушун коргоо зарылчылыгын айтып жатышат, буга биз олуттуу мамиле жасашыбыз керек. Ошол эле убакта, биз ички паспортту киргизсек, кеңири коомчулук үчүн зор пайда болот.

Британиянын ички иштер министрлиги жарандык уюмдардын пикирлерин эске алып, пландын жаңы долбоорун жарыялайт деп күтүлүүдө. Анын аралыгында, биз бул пландын Британиядагы кыргыз имигранттарынын абалына тийгизе турган таасирине кайрылалы. Бул өлкөдө бүгүн 3 жарым миңге чукул кыргыз жашаса, алардын басымдуу көпчүлүгү мыйзамсыз имигранттар же нелегалдар.

Лондондон байланышта Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин консулу Мирлан Арстанбаев:

- Силер айткандай, британиялык басма сөз тарабынан ушундай маалымат жарыяланган. Алардын айтуусунда, Улуу Британиянын ички иштер министрлиги келерки эки жыл ичинде улуттук иденттүүлүк картасын киргизгени жатат. Бул терроризм жана мыйзамсыз имиграцияга каршы киргизилип жатат деген имиштер бар. Азырынча, мен аны колдонуу тартибин анык айтып бере албайм. Анткени, официалдуу деңгээлде маалымат жок.

Консул Британиядагы кыргыз имигранттарынын абалына мындай баа берди:

- Биз Британияда 3 миңден ашык, 3 жарым миңге чукул кыргызстандык жашап жатат деп ойлойбуз. (Бирок) биздин каттоодон 100дөн ашык гана адам өттү. Бул жерде кыйынчылыктар көп. Кыйынчылыктардын көбү бозгундардын Британиянын мыйзамдарын жана англис тилин билбегендигине байланыштуу болот деп ойлойм.

Арстанбаевдин айтымында, мындан эки жылча мурда Британияда 4 жарым миңдей кыргыз болгон, андан бери бул сан бир миңден ашыкка азайды, ал эми келерки жылы 2800 чакты гана киши калат деп болжолдонуп жатат. Себеп дегенде, бүгүн сөз кылган ички паспорт киргизүү сыяктуу Британ өкмөтүнүн миграцияны чектөө аракеттери бул өлкөгө виза алуу, өлкөгө кирүү жана иш табуу мүмкүнчүлүктөрүн улам чектеп жатат.
XS
SM
MD
LG