Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Украин президенти эмдиги шайлоого катышпай тургандыгын кайрадан ырастады


Бул тууралуу Леонид Кучма бүгүн Ялтада аяктаган саммитте билдирди. Муну Кучма Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Стивен Пайфер менен жолугушкан учурда да бышыктаган. Ялтада Грузия, Украина, Өзбекстан, Азербайжан жана Молдованын мамлекеттер аралык уюмунун – ГУУАМдын жыйыны аяктады. Жыйынга уюмга кирген өлкөлөрдөн тышкары 19 мамлекеттен,анын ичинде АКШнын, Россиянын да өкүлдөрү катышты. Саммитте уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG