Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Иракта куралдуу топ талкаланды


Бүгүн эрте менен аталган топ америкалык аскери колоннага кол салган эле. Командачылыктын айтымында, кол салган он бир кишинин баары опот болду. Кечээ Багдадда аскерий кампа аткыланып, андан он сегиздей жоокер жарадар болгон эле. Ошол эле күнү дагы бир америкалык солдат набыт кеткен. Ага буктурмадан атылган ок жаңылды. Бүгүн да Багдаддагы жарылуудан эки солдат жаракат алышты. Ирактагы аскерий активдүү операциялар аяктагандан бери эле америкалыктар баары болуп 26дан ашуун жоокерин жоготушту. Аскерий командачылык коалициялык контингентке кол салуу иштерин Саддам Хусейндин тарапкерлери жасап жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG