Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Европарламент Италиянын премьер-министри кечирим сурайт деп күтүп жатат


Бул жөнүндө бүгүн Европарламенттин төрагасы Пэт Кокстун маалымат катчысы билдирди. Силвио Берлускони кечээ Германиянын канцлери Герхард Шрөдөргө телефон чалып, осол сөзүнө өкүнгөнүн Европарламент жетишсиз деп эсептейт. Шаршемби күнү Европа парламентиндеги талкуулардын жүрүшүндө Берлускони немец депутаты Мартин Шульцтын сын-пикирине теригип, Италияда азыр нацисттик концлагер жөнүндө кино тартылып жатканын айтып, андагы капонун ролун депутатка сунуш кылган эле. Берлусконинин бул одоно тамашасы Европалык өлкөлөрдө өгөй-татай кептерди пайда кылды. Ал эми Римде бүгүн Италия менен Еврокомиссиянын жыйыны ачылып, cоюздун алдыдагы алты айлык пландары талкууланды. Ушул айдын биринчи күнүнөн тартып союзга төрагалык кылуу милдети Италияга өттү. Жыйынга Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди, бардык комиссарлар жана Италиянын премьер-министри катышты. Жыйындан кийинки пресс-конфренцияда Берлускони Германиядан кечирим сурабагандыгын, минткидей ал эч кандай деле осол сөз айтпаганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG