Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Майрам Акаева келерки президенттик шайлоодо ат салышаары болжолдонууда


БИШКЕК. Бүгүн «Кыргызинфо» маалымат агенттиги «президент Аскар Акаевдин өмүрлүк жары, «Мээрим» фондунун төрайымы Майрам Акаева 2005-жылдагы президенттик шайлоодо ат салышуусу ыктымал» деген «Франспресс» жана «Коммерсантъ» агенттиктеринин кабары тууралуу маалымат таратты. «Кыргызинфонун» жазганына караганда, чет элдик маалымат булактары «Кыргызстанда өткөн социологиялык иликтөөлөрдө суралгандардын 91% 2005-жылдагы президенттик шайлоодо Майрам Акаеваны колдоп добуш берүүгө ниеттенген» деп билдирген.
Президенттик шайлоодо М. Акаеванын ат салышууга ниети бар экендигин айрым чет өлкөлүк журналисттер анын «Үмүттүн шооласы өчпөйт» деген китеби чыккан соң жазып чыгышкан. Азырынча М.Акаеванын өз оюн билүүгө мүмкүндүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG