Жаңы уюмдун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери бир нече ирет жолугушкан. Аларда да ишембиде башталган жыйындай регионалдык, эл аралык саясат талкууланган. Андан тышкары, «региондо экономикалык кызматташтыкты, тактап айтканда транспорт, соода, суу-энергетика тармактарында алаканы өнүктүрөбүз» деген билдирүүлөр кабыл алынган. Маселен, Ташкен саммитинде кыргыз жана өзбек президенттери көзмө-көз жолугушуп, суу-энергетика, газ, жол каттамдары мындан ары либералдаштырылаарын жарыялашкан. Бирок, тилекке каршы, кошуна мамлекеттер ортосунда суу-энергетика, жол каттамдары боюнча проблемалар чечилбей, ал эми Ташкендин быйыл өз чек арасын жабышы соода байланышына дагы бир сокку урду.
Кыргызстандын Казакстан менен соодасы да ойдогудай өнүгүп кеткен жери жок. Астананы Бишкектин суу саясаты канааттандырбайт, Кыргызстанды болсо Казакстандын транзиттик каттамдарга чоң төлөмдөрдү киргизгени, эркин сооданы колдобогону нааразы кылып келет. Мунун айынан Кыргызстандын Казакстанга экспорту азайууда. Маселен, 1998-жылы Кыргызстандын бул кошуна мамлекетке экспорту 85 млн. доллардан ашса, былтыр 36 млн. доллар гана болгон. Өзбекстан менен Кыргызстандын да соодасы азайууда.
Соода жагынан алганда Кыргызстандын байланышы Тажикстан менен өсүп келатат. Бирок Борбор Азиядагы бул эки чаканыраак мамлекеттин соодасынын көлөмү 2003-жылдын беш айында 6 млн. долларды гана түзгөн. Эки мамлекет суу-энергетикалык бирдиктүү саясат жүргүзүүгө аракеттенишүүдө. Бул максатта кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев 4-июнда Тажикстанга барганда эки тарап бирдиктүү суу-энергетика консорциумун түзүүнү макулдашкан.
Ошентип, регионалдык кызматташууда да, өз ара кызматташууда да тоскоолдуктарды жеңе албай келаткан мамлекет башчылары Алматыда саммит өткөрүп атышат. Бирок Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов туулган күндө, эриккенде, президенттер клубунун алкагында болгон жолугушуулар менен региондогу проблемаларды чечүү мүмкүн эмес экенин белгиледи:
- Мен саммиттен эч нерсе күтпөймүн. Булардын азыркы сүйлөшкӨндөрү кезектеги шайлоо жана жеке маселелер болот. Ал эми элди «турмуш бүгүн-эртең оңолот» деп убактылуу сөздөр менен жубата беришет. Өзөктүү маселелер чечилбейт.