Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:36

ОРУСИЯЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖУРНАЛИСТТЕР: «ОРУСИЯ ӨЗ АБРОЮНА ӨЗҮ БАЛТА ЧААП ЖАТАТ»


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Орус маалымат каражаттары өтүп бараткан жума Шериктеш мамлекеттердин аймагындагы окуялар менен саясий кырдаалга көбүрөөк кайрылышты.

Орусияда жүз көргөн ири саясий окуялар менен чатактар жана аларды коштогон түрдүү саясий кызыкчылыктар, жалпы Шериктеш мамлекеттердин ич ара кызматташтыгындагы оптимиздин күчөшү, ошондой эле Борбордук Азия регионунун башка аймактардан бөлүнүп чыгуусу. Дал ушул темалар өтүп бараткан апта бою жалпы орус маалымат мейкиндигинде негизги талкууну жаратышты.

Алгач, Орусиянын өзүнө тиешелүү окуяларды талдап көрөлү. Жума күнү Орусия президенти Владимир Путин «Чеченстандын биринчи президентин шайлоо тууралуу жардыгын» кабыл алды. Ага ылайык, президенттик шайлоолор үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында өткөрүлүүсү керек. Бул кабар жалпы коомчулукка белгилүү болоор замат Чеченстанда президенттин милдетин аткаруучу Ахмад Кадыров алдыдагы шайлоолорго өз талапкердигин коё тургандыгын жарыя кылды. Ал президенттик такка умтулуп жаткандыгынын башкы себеби катары «өз мойнуна жүктөлгөн Чеченстандагы согушту токтотуу» милдетин көрөт.

Орусиянын ички саясатына тикеден-тике тиешеси бар кийинки окуя жума ичиндеги окуялардын арасында башкы орунга көтөрүлдү. Бул - өлкөдөгү алдыңкы ишмерлердин бири Платон Лебедевдин «1994-жылы айрым мамлекеттик акцияларды өзүнө энчилеп алган» деген доо менен кармалуусу болду.

Платон Лебедев - «Метантеп» Эл-аралык каржы бирикмесинин директорлор Кеңешинин жетекчиси жана «ЮКОС» мунайзат компаниясынын башчысы Михаил Ходорковскийдин жакын кызматташы. «Юкостун» баалуу кагаздарынын негизги бөлүгү дал ушул Лебедевдин колунда.

«Негизинен Орусиянын саясий чөйрөсүндө Лебедевди кармоо ишин Ходорковскийге жасалган саясий чабуул катарында таануу керектиги бүгүн эч кимге жашыруун эмес» деп жазды «Независимая газета» . «Михаил Ходорковский – орусиялык миллиардерлердин эң башкысы, ЮКОС – өлкөдөгү эң ири жана ишмердүүлүгү таза деп эсептелген мунайзат компанияларынын бири, ал эми «Сибнефть» компаниясы менен кошулгандан кийин ал жер шарындагы мунай иштетүүчү фирмалардын ичинде төртүнчү орунду ээлейт. Андан калса, Ходорковскийдин саясий кызыкчылыктары да Кремлди ойлондурбай койгон жок» деп эсептейт гезит автору. Ушул эле маанайда жазылып, «Московские новости» тарабынан жарыяланган макалада айтылгандай, «ЮКОСтун» ишмердүүлүгү тууралуу бул өңдүү чыр-чатактар дал ушул орус жетекчилигинен чыгып жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Анткени, мунун баары чет элдик кызматташтар алдында компания абройуна урулган зор сокку болуп калышы мүмкүн. Эгер окуя ушул алкакта өнүксө, анда орус экономикасы оор жоготууларга учурайт» деп жазат автор.

Бул окуя тууралуу макалаларга орусиялык ири басылмалардын беттеринен кеңири орун берилди. Гезит-журналдарда жарыяланган маалыматтардын жалпы мүнөзү айыпталуучу Платон Лебедевди четке чыгарып, окуянын башкы каарманы катарында Ходорковскийди алдыга чыгарат.

«Орусиянын күч структураларынын акыркы мезгилдердеги коррупцияга каршы күрөшү, андан кийин ишкерлерге каршы жүргүзгөн мындай аракеттери, биринчи кезекте, саясий кызыкчылыктардын негизинде ишке ашырылып жатат» деп ойлошот бир катар журналисттер. Андыктан, 2008-жылы өткөрүлө турган президенттик шайлоолорго камынып жаткан Ходорковскийдин саясий кадамдары, балким, президент Владимир Путиндин өзүнө жакпашы мүмкүн. Путин келерки шайлоолордо катышпай тургандыгын айтканы менен, Ходорковскийдин башкалардан озунуп, буга чейин өлкөнүн либералдуу эки партиясын («СПС» менен «Яблокону»), эми - Компартияны да каржылоого өткөнү президентти чындап эле ойлонттурду көрүнөт» дешет орусиялык серепчилер. «Анткени, орус парламентинде Ходорковскийдин жардамы менен келе турган жана аны жактаган адамдардын санынын өсүшү кийинчерээк анын өзүнүн Өкмөт жетекчилигине келишине жол ачат. Өкмөт башчылыгынан президенттик такка өтүү бир эле кадам», - деген ойлору менен бөлүшөт өлкөдөгү саясий эксперттер.

Өтүп бараткан жума ичинде орус гезиттеринде КМШ өлкөлөрүнүн өз ара кызматташтыгына багышталган макалалардын басымдуу бөлүгү экономикалык алакалар жаатына арналды. «Время новостей» , «Коммерсант» , «Известия» жана «Ведомости» басылмаларындагы макалаларда кеп ГУУАМ уюмунун Украинада өткөн кезектеги жыйыны, ЕврАзэС уюмунун алкагында кызматташуу маселелери талкууга коюлду.

Ал эми Борбордук Азияга арналган макалаларда көбүрөөк Түркмөнстандагы орус атуулдарынын абалы менен жалпы эле өлкөдөгү саясий кырдаалга астейдил көңүл бурулду. Негизинен түркмөн темасына дайыма кайрылып, акыркы мезгилдери өтө эле эмоционалдуу өңүттө маселени көтөрүп келе жаткан «Известия» гезити бул жолу Түркмөнстандагы саясий жетекчиликти эмес, орус саясий башкаруучуларын күнөөлөп кирди. Гезиттеги макаланын автору: «Орусиянын саясий партиялары буга чейин аталган маселени ооздоруна алышкан эмес. Эмне үчүн алар эми гана бул тууралуу сүйлөп калышты?» - деген суроо коёт. Анын пикиринде, саясий партиялардын жигердүүлүгү парламенттик шайлоолор алдында өздөрүнө пиар акциясын (коомчулук арасында өз үгүтүн жүргүзүп, элди өзүнө тартуу чараларын) жүзөгө ашырып калуу максатын көздөйт.
XS
SM
MD
LG