Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Ирактын Рамади шаарында полициянын кеңсесине жакын жерде бомба жарылды


Айрым маалыматтар боюнча, жети полицмен набыт болду. Алардын баары жаңыдан уюштурулган ирак полициясына кызматка алынып, бул жерде атайын машыгуудан өтүп жатышкан. Америкалык командачылык азыр окуяны териштирип жатат. Ал эми Багдаддын түндүк тарабында Саддам Хусейндин куралдуу тарапкерлерин таап, талкалоо максатында операциялар уланууда. Жума күнү “Ал-Жазира” телеканалы Саддамдын кайрылуусун угузган эле. Кайрылууда Саддам жакын санаалаштары менен Иракта чет элдик оккупацияга каршылык көрсөтүү кыймылын түзүп жатканын билдирген. Америкалык атайын кызматтар үн тасманын Саддамдыкы экенин аныктап чыкканы жатышат.

XS
SM
MD
LG