Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Газа тилкесинин түштүк бөлүгүндө бүгүн күндүз дагы бир бомба жарылды


Андан палестиналык бир киши өлүп, экөө жарадар болушту. Бомбаны ким койгону белгисиз. Ал эми алтүндө болсо сектордун башка бөлүктөрүндө бир нече жарылуу жана атышуу болду. Жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок. Кечээ палестин премьер-министри Махмуд Аббас радикалдуу “Ислам жихады” уюмунун лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Уюмдун башчысы Мохаммед ал-Хинди сүйлөшүүлөр “олуттуу жана оң мааниде” өттү деп ырастады. ”Ислам жихадчылары” Израил түрмөдөгү бардык палестин тургундарын бошотпосо,жарашуу шартын бузабыз деп билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG