Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Бүгүн Ооганстанга НАТОнун бейпилдик күчтөрүнүн биринчи бөлүктөрү келет


Жалпы контингент 20 өлкөдөн куралган беш миң аскерден турат. Августтан тартып Ооганстандагы эл аралык коопсуздук коалициясына командачылык кылуу милдети НАТОго берилет. Ушу тапта Кабулдун чеке-бакасында 29 өлкөнүн аскер бөлүктөрүнөн куралган беш миңдей контингент жайгаштырылган. Бүгүн контингенттин курамындагы голландиялык үч жоокер Кабулдун кутпа тарабында машинага коюлган бомбадан жарадар болушту. Өткөн айда Кабулдагы террордук акциядан төрт немец жоокери набыт болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG