Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Алматыда Борборазия кызматташтык уюмунун жыйыны болуп өттү


Аталган уюмга кирген төрт өлкөнүн - Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери регионалдык коопсуздук проблемаларын, экономикалык алакалардын маселелерин талкуулашты. Нурсултан Назарбаев исламчыл терроризмге каршы орток чараларды көрүү, ал эми Эмомали Рахмонов маңзаттарынын аткезчилигин ооздуктоо зарылдыгын белгилешти. Президенттер региондогу суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, транспорт жана байланыш чөйрөсүндөгү, соода-сатык тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү багытындагы иштерди тездетүүнү макулдашышты. Борборазия кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн, ал мурда регионалдык экономикалык жамаатташтык деп аталган.

XS
SM
MD
LG