Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

ӨКМӨТ ЖУМУШСУЗДАРДЫ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ПРОГРАММАСЫН ИШТЕП ЧЫГАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 200 миң адам иши жок үйдө отурат. Жума күнү өкмөт аларды иш менен камсыз кылуунун концепциясын иштеп чыгуу тууралуу токтом кабыл алды.

Кредит (насыя) менен, гуманитардык жардам менен мамлекет алыска бара албайт. Жакырчылыктан чыгуунун жалгыз эле жолу бар. Ал - ар бир адамды иш менен камсыз кылуу. Кыргызстандын ар бир жараны иштеп, өзүн өзү багып кетсе, жакырчылык өзүнөн-өзү эле жоюлат. Премьер-министр Николай Танаев өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 2010- жылга чейин Кыргызстандын адамдарын иш менен камсыз кылуунун концепциясын иштеп чыгууну Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине тапшырды. Концепция 1-сентябрга чейин даяр болушу керек. Анын негизинде кийин атайын программа иштелип чыгат.

Өлкөдө ишсиз адамдардын саны канча? Бул суроо жөнөкөй көрүнгөнү менен, ага так жооп табыш кыйын. Ар кайсы булактар ар кандай санды көрсөтүшөт. Улуттук статистикалык комитет иш сурап кайрылган жана атайын тизмеде катталган адамдарды гана ишсиз деп эсептейт. Анын маалыматтарына караганда, жумушка жараган адамдардын ондон бирине жетпегени гана ишсиз. Бирок ал чыныгы абалды чагылдырбайт.

- Ишсиз адамдардын саны азыр 200 миңдей, - дейт эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова. Экономика иштебей токтоп турганда мынча адамды иш менен камсыз кылыш оңой эмес. Иш менен камсыз кылуу - иштебей токтоп турган ишканаларды кыймылга келтирүү, жаңы ишканаларды куруу, кыскасы кошумча иш орундарын түзүү деген сөз. Бул болсо бүтүндөй экономиканы көтөрүү дегенди билдирет. Эгерде 2010-жылга эсептелип түзүлүп жаткан бул программа ошол 200 миң адамдын баарын иш менен камсыз кылууну көздөй турган программа болсо, ал өтө эле чоң программа. Программанын максаты 200 миң адамды толук иш менен камсыз кылуубу?

- Иш менен камсыз кылууга аракет кылабыз. Иштебей турган ишканалардын баары иштеп калса деп ойлоп жатабыз. Биз бул концепцияны иштеп чыгууга илимди да тартабыз. Канча иш орду түзүлөӨрүн академия эсептеп чыгат. Колдон келишинче ишсиздер иш менен камсыз болот, - деп Роза Акназарова биздин сурообузга так жооп бере алган жок.

Базар экономикасы башталганы Кыргызстандын экономикасынын тутуму кескин өзгөрдү. Мурда даярдалган адистер азыр кереги жок болуп калып жатат. Ошол эле учурда айрым тармактар үчүн адистер жетишпейт. Өз аброюн ойлогон айрым ишканалар, өзгөчө чет өлкөлүк фирмалар мурда даярдалган кадрларды «квалификациясы жетишпейт» деп, албай жатышат. Программада кадрларды даярдоо маселеси коюлушу керек.

- Ар бир регион бир тармакка адистештирилген. Мисалы, Нарын облусунда мал чарбасы үчүн фермердик адистер керек. Азыр бул иш жүргүзүлүп жатат. Кыргыз-швейцариялык долбоор менен биз нарындыктарды фермердикке үйрөтүп жатабыз. Көлдө болсо туризм боюнча адистерди даярдаш керек. Туризмге кызмат кылган тармактар үчүн да адистерди даярдайбыз. Ош пахтага, Талас тамекиге адистештирилген. Ар бир региондун өзүнүн адистештирүүсү болуп, биз ошого жараша адистерди даярдайбыз. Базар экономикасынын талабына жооп берген адистерди даярдайбыз, - дейт Роза Акназарова. Анын айтымында кайсы тармакка кандай жана канча адис керек болоору программада такталышы керек. Кошумча иш орун түзгөн ишканаларга салык жактан жеңилдиктер берилиши зарыл.
XS
SM
MD
LG