Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Баткен шаарында бүгүн дүң соода базары ачылды


БАТКЕН. «Акбаткен» жоопкерчилиги чектелген коому уюштурган бул базарды ачуу салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус борборундагы айрым мекеме-уюмдардын жетекчилери, ишкерлер жана Тажикстандын Согди облусунан чакырылган коноктор катышты. «Акбаткендин» башкы директору Аскат Маметовдун айтымында, базарга буюм-тайым, кийим-кечек, кездемелер негизинен Түркиядан, Түштүк Кореядан жана Кытайдан Бишкек шаары аркылуу ташылып, сатылат. Мындан тышкры, Өзбекстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы ишкерлер кызматташууга чакырылып, базарды кийин Фергана өрөөнүндөгү ири соода борборуна айлантуу аракеттери көрүлөт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG