Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 10:22

Ысыккөл облусунда телерадиоберүүлөрдүн убактысын 10 саат узартуу аракети башталды


КАРАКОЛ. Облустук телерадиокомпанияга Алматы шаарынан жалпы баасы 23718 доллар турган заманбап техникалык жабдуулар алынып келинди. Ал жабдуулар Оргочор аймагындагы № 10-станцияга орнотулду. Аталган компаниянын төрагасы Талант Үсөновдун айтымында, облустук телеберүүлөрдүн сапаты жакшырса, жайкы эс алуу мезгилинде туристтик фирмалардын, ден-соолукту чыңдоочу комплекстердин жарнамаларын обого чыгарууга шарт түзүлөт. Азырынча облустук телеберүүлөр жумасына эки жолу гана бир сааттан көрсөтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG