Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Аскар Акаевге эл аралык сыйлык ыйгарылды


БИШКЕК. БУУнун чечиминин алкагында Эл аралык тоо жылын жана Бишкекте Тоо саммитин өткөрүп, жер шарынын биосферасын коргоого кошкон салымы үчүн президент Аскар Акаевге эл аралык «Elisabeth Haub Award for Environmental Diplomacy» сыйлыгы ыйгарылды. Ал А. Акаевге БУУнун башкы сессиясына катышкан учурунда тапшырылышы мүмкүн. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сыйлыкты Швейцарияда жана АКШда каттоодон өткөн Айлана-чөйрөнү коргоонун укуктук маселелери боюча эл аралык кеңеш (ICEL) уюштурган. Сыйлык жаратылышты коргоого чоң салым кошкон немис окумуштуусу Элизабет Хаубдун урматына уюштурулган. 1997-жылдан бери сыйлыктын лауреттыгына Малайзиянын БУУдагы элчиси Разали Исмаил, Швециянын БУУдагы элчиси Бо Кджеллен жана башкалар татыктуу болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG