Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Бишкектин расмий чөйрөсү Саламаттык сактоо күнүн белгиледи


БИШКЕК. 6-июль – Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат бүгүн Кыргыз мамлекеттик филармониясында өттү. Ага премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ушул эле күнү медициина тармагынын көргөзмөсү уюштурулду. Кыргызстандын аймагында биринчи ооруканалар жана фельдшердик пункттар 1800-жылдардын аягында пайда болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, азыр Кыргызстандын аймагында медициналык жактан жардам көрсөтүүчү 1900гө жакын жай бар. Саламаттык сактоо тармагында 83 миң дарыгер эмгектенет. Тармакты реформалоого өкмөттүк каражаттардан тышкары Дүйнөлүк Банк, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму сыңары эл аралык уюмдар акчалай көмөк көрсөтүп келатышат. Акыркы он жылда тармактын ишмердүүлүгү боюнча үч мыйзам кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG