БИШКЕК. Келерки аптада Ташкенде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отуруму өтөт. Бул жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш аймактарды тактоо боюнча мурдагы талкуу уланмакчы. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинен алынды. Өкмөт аралык комиссиянын акыркы жолугушуусу 29-марттан 1-апрелге чейин Анжыян шаарында өтүп, анда тараптар талаштуу аймактардын дагы 50 чакырымы боюнча алдын-ала макулдашууга келишкен. Алдыдагы Ташкен жолугушуусунда макулдашылган ошол аймак боюнча бир өңчөй чечим кабыл алынышы күтүлөт. Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин узундугу - 1492 чакырым. Анын 700 чакырымдан ашыгы делимитацияланган.