Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Алматыда Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун саммити болду


БИШКЕК. Бүгүн Алматыда Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын отуруму болуп, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын президенттери катышты. Отурумдун акырында президенттердин журналисттерге берген маалыматына караганда, уюмдун алкагында суу энергетикасы, коммуникация жана азык-түлүк багытында үч консорциум түзүү макулдашылды. Суу-энергетика консорциумуна электр станциялары, суу сактагычтар кирип, анын концепциясын түзүүдө айыл чарба сугатына, электр станциялар үчүн кеткен көмүр, мунай азыктарынын чыгымдары эске алынышы керек. Уюмда буга чейин төрагалык кылган өзбек президенти И. Каримовдун айтымында, аталган консорциумдарды түзүүдө ириде эл аралык уюмдардын көнүлүн бурууга аракет кылуу зарыл. Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунда төрагалык кылуу милдети Нурсултан Назарбаевге өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, президенттер бир нече документти, анын ичинде Экстремизмге, терроризмге жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешип күрөшүү тууралуу билдирүүнү кабыл алышты. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги маалымат таратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG