Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

ПУТИН ӨЗБЕКСТАН ЖЕТЕКЧИЛИГИН КАЙРА ӨЗҮНӨ ЖАКЫНДАТКЫСЫ КЕЛЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Орусиянын президенти Владимир Путин 6-июлда Өзбекстанга эки күндүк иш сапар менен барат. Өзбекстандын тышкы иштер министри Илхом Закиров Путин дүйшөмбүдө, 7-июл күнү президент Ислам Каримов менен эки тараптуу мамилелер жана региондогу коопсуздук маселелерин талкуулай турганын билдирди. Ошону менен бирге визит учурунда Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү маселелери талкууланмакчы. Саясий байкоочулар орус президентинин түпкү максаты - Борбор Азиядагы бул жумуриятты өзүнүн таасир чөйрөсүнө кайтарып алуу экенин айтып жатышат.

Орусиянын президенти өз сапарын Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан байыркы Самарканд шаарынан баштайт. Путин кербен жолдорунун тоомунда жайгашып, билим-илимдин, архитектура жана шаар куруу, кол өнөрчүлүк менен зергерчиликтин, илгерки маданияттын борбору болгон шаардын ажайып кооз жерлери менен таанышып чыгат.

Бирок аналитиктер өзбек жергеси менен жакындан таанышып, сейил куруу менен баштала турган бул визиттин түпкү максаты - эки өлкөнүн салкындап кеткен мамилесин оңдоп, Өзбекстанды Орусиянын таасир чөйрөсүнө кайтарып алуу экенин айтышат.

Орусия менен Өзбекстандын мамилелери АКШнын Ооганстандагы антитеррордук өнөктүгүнө кошулган расмий Ташкент өз аймагында америкалык аскерлерди жайгаштыргандан бери бир топ салкындап кетти. Эки өлкөнүн АКШнын Ирактагы согушуна карата болгон көз карашы да карама-каршы. Орусиядан айырмаланып, Өзбекстан АКШнын Ирактагы согушун колдоп чыккан. Путин эл аралык антитеррордук альянс аскерлеринин Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанда жайгаштырылышын жактырбаганы менен, ага анчейин катуу каршылык кылган эмес. Бирок орус расмий өкүлдөрү америкалык аскерлердин Борбор Азия жумурияттарында узак убакытка калуусун Москва каалабай турганын айтып келишкен.

Ошентип стратегиялык жактан маанилүү регионду колдон чыгарып жиберүүгө ниеттүү эмес экенин каңкуулаган Москва Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда өзүнүн аскердик бөлүктөрүн сактап кала берүүдө жана азыр ал Тажикстан менен Кыргызстандагы аскердик базаларын кеңейтип жатат. Орусиялык аскерлердин саны региондо Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Армения, Беларусь жана Орусияны камтыган Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында жайгаштырылып жатат.

Арийне, Өзбекстанды Американын таасиринен таптакыр четтетип, жогоруда аталган уюмдун деңгээлиндегидей кызматташууга тартуу Путиндин колунан келбейт. "Ошентсе да, Орус президенти бул жолку келишинде Өзбекстан менен мамилени оңдоп алганга аракеттенет", - дешет аналитиктер. Алматылык байкоочу Досым Сатпаев: "Путин прагматик адам, ал Өзбекстан Борбор Азиянын табигый ресурстарга мол, эң чоң базары экенин, ошон үчүн эки ортодогу мамилени оңдоо маанилүү экенин жакшы түшүнөт", - дейт.

Ошону менен бирге аналитиктер табигый газ менен алтынга бай Өзбекстан Орусиянын технологияларынан көз каранды экенин белгилешет. Анын үстүнө Орусия өзбек пахтасынын маанилүү импорттоочусу жана экспорттун олуттуу транзиттик жолу болуп кала берүүдө. Өзбекстан пахта өстүрүү боюнча дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт.

Арийне, деңиз кылаасынан алыс турган Өзбекстан азыр пахтасы менен башка табигый байлыктарын экспорттоонун альтернативдик жолдорун караштырып жатат. Анын кошуна Ооганстандагы абалдын турукташып, согуштан кыйраган эл чарбасынын тезирээк калыбына келтирилишин көздөп жатканы да ошого байланыштуу. Өзбекстан ооган аймагы аркылуу Перс булуңуна чыгууга үмүттөнөт. Бирок «эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө артык» дегендей, бул кыялы ишке ашып, самаган көк жээкке жеткиче Каримов Орусиядан кол үзбөгөнгө аракеттенет.

XS
SM
MD
LG