Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

ГУУАМ: ЭКИ ПРЕЗИДЕНТТИН УЮМУ


Ялтада мамлекеттер аралык ГУУАМ уюмунун саммити аяктады. Уюмга кирген өлкөлөр бир катар проблемаларды, анын ичинде терроризмге, уюмдашкан кылмышка, маң заттарынын аткезчилигине каршы күрөшүү, соода-сатык алакаларын жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Жыйынга байкоочу иретинде он тогузга жакын өлкөнүн делегациялары да катышты.

Аталган уюмду 1997-жылы Страссбургда Европа кеңешинин жыйынына катышканы келген экс-советтик төрт өлкөнүн – Грузиянын, Украинанын, Азербайжандын жана Молдованын лидерлери уюштурушкан. Арадан эки жыл өткөн соң ага Өзбекстан кошулган. Былтыр болсо ырасмий Ташкен регионалдык бирикмеге атайын нота жолдоп, анын иш чараларына катышуунун кажетин көрбөй жатканын, ошондуктан андан ары уюмдун мүчөлөрү менен эки тараптуу алакаларга өтөөрүн билдирген эле. Бирок кийин чечиминен кайра айныганбы, иши кылып, Ташкендин бирикмеден чыкканы ырасмий түрдө жарыя кылынган эмес. Дегинкисинде, өзбек президенти Ислам Каримов ГУУАМдын бир да жыйынына катыша элек. Ал бул жолку саммитке да келген жок, өзбек делегациясын Ялтага мамлекеттик кеңешчи Абдулазиз Камилов жетектеп келди. Каримовдон тышкары Ялтага Азербайжандын президенти Гейдар Алиев да ден-соолугуна байланыштуу келе албады. Ушундай эле себеп менен Молдавиянын президенти Владимир Воронин Ялтада болгон жок. Айтмакчы, ырасмий Кишинев Евразиялык экономикалык кызматташтык уюмуна киргенге ыкыластанып, ГУУАМдын мүчөлүгүнөн чыгарын бир нече ирет билдирген. Бирок азырынча эч кандай реалдуу кадамдарды жасай элек. Байкоочулар муну Украинанын кысымы менен байланыштырышат.

Бирок бу жолку саммитке биринчи ирет Кошмо Штаттарынын делегациясы катышты. Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Стивен Пайфер Ялтадагы саммитти АКШ менен кызматташуу өңүтүнөн алганда өтө пайдалуу болду деп баалады. ГУУАМдын ырасмий сайтында жарыяланган маалыматтарга ылайык, америкалык конгресс уюмдун өлкөлөрүнө 2001-жылы болгону тогуз миллион доллар адие бөлсө, былтыр анын көлөмүн 37 миллион долларга көбөйттү. Вашингтон регионалдык бул уюмдун сакталып калышына жана анын рамкасында бир катар пландарды, баарыдан мурда Каспийдин мунайына байланышкан долбоорлорду жүзөгө ашырууну көздөйт. Ялтадагы саммиттин күн тартибине адегенде мунайтранспорт коридорлору жөнүндөгү маселе киргизилген эле, бирок кара майдын негизги кампасы аталган өлкөнүн – Азербайжандын президенти жок болгондуктан, маселе каралбай калды. Ошентсе да саммиттин кожоюну катары Леонид Кучма Каспийден Европага мунай куурларын тартып өтүү пландарын уюмдун алдыдагы башкы милдеттеринин бири болорун жарыялады. Бирок бул план Киевдин кыялына эмес, таптакыр башка саясий борборлордун каалоосуна багыныңкы экени айтпаса да түшүнүктүү иш.

Ялтадагы жыйын иш жүзүндө эки эле президенттин – Кучма менен Шеварднадзенин – саммити болду. Байкоочулар муну уюмдун келечеги жөнүндөгү көз караштардан алганда кооптуу угулган биринчи коңгуроого жорушту. Сырттан колдоо болбосо, ГУУАМ геосаясий процесстердин четине сүрүлүп калары дайын болгонсуду. Ялтада аталган уюмга келечекте Словакия, Польша, Чехия, Түркия жана Румыния кошуларын жарыялашат деп айтылган эле. Бирок эч ким мындай ыкыласын билдирген жок. Бир катар өлкөлөр Ялтага кала берсе тышкы иштер министрлерин жөнөткөндү да эп көрүшпөдү.

Президент Шеварднадзе деген менен уюмдун келечегин кыйла даңгыр деп баалайт. Эл аралык мамилелердин өнүгүү аңытынан алганда уюм үчүн ООНдун башкы ассамблеясынан байкоочу статусун алуу багытында иш жүргүзүүнү тышкы иштер министрлеринин кеңешине табыштадык, деп айтты грузин президенти.

Буга байланыштуу эксперттер дагы бир жагдайды эске салышты. Атап айтканда, Кучма да, Шеварднадзе да өз өлкөлөрүндө эмдиги президенттик шайлоого катышпай тургандыгын айтып жатышат. Андай болсо акыркы кезде эки президенттин уюму атала баштаган ГУУАМдын келечеги ашып барса бир жылдан кийин эле чечилиши мүмкүн. Украинада жана Грузияда кезектеги президенттик шайлоого андан да аз калды.
XS
SM
MD
LG