Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

МОСКВА КООПСУЗДУГУНУН ТАМЫРЫ ЧЕЧЕНСТАНДАБЫ?


Россиянын президенти Владимир Путин ишемби күнкү террордук чабуулга байланыштуу өзүнүн бүгүн башталаары күтүлгөн Өзбекстан, Малайзия жана Азербайжанга жасалчу иш сапарын кийинкиге жылдырганы маалымдалды. Июлдун 5инде Москванын чет жакасындагы Тушино аэродромунда рок-концерт өтүп жаткан маалда эки жанкечти аял белине курчанган бомбаларын жардырган. Бул кол салуудан улам эки террорчудан башка бейкүнөө 15 киши набыт болгон. Өлкөнүн ички иштер министри Борис Грызлов калк жыш топтошкон жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү жөнүндө буйрук берди.

Соңку жардыруунун чечен жикчилеринин өкүлдөрүнө байланыштырылып жатышы Путиндин бул кийинкиге жылдырылган сапарындагы олуттуу маселелердин бири – эл аралык террорчулукка каршы күрөш темасы болоорун өзгөчө бышыктаган жагдай болду. Жекшембиде Өзбекстан аркылуу Малайзияга сапарга аттанмакчы болуп жаткан президент Владимир Путин Борбор Азия, Түштүк-Чыгыш Азиядагы жана Кавказдагы алдын-ала белгиленген олуттуу эл аралык сүйлөшүүлөрүн кийинкиге жылдырууну чечти.

Ал эми Орусиянын ички иштер министри Грызлов ишемби күнү кечинде жардыруу окуясы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, соңку терракт Чеченстанда быйыл күзүндө президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү жардыкка байланыштуу жасалды деген божомолун ортого салды.

Чеченстандагы шайлоо тууралуу жардыкка кол коюп жатып президент Путин, шайлоо демократиянын, мыйзамдуулуктун чегинде өтөт деген үмүтүн билдирген эле:

- Чеченстандагы кырдаал дагы эле оор экенин түшүнөм. Ошол эле кезде бардык шайлоочулар бул шайлоо өнөктүгүнө катышаарынан күнөм санабайм. Бирок, эң негизгиси, президенттик ат салышуу демократиянын, мыйзамдуулуктун чегинде өтүшү керек. Жарандар өз каалоосун эч кандай кысымсыз ээн-эркин айтууга мүмкүнчүлүк алышы абзел.

Ишембиде чечен жикчилери тарабынан уюштурулган террордук иш-чара, байкоочулардын баамында, Путиндин Түндүк Кавказ жумуриятындагы кризисти жөнгө салууга багытталган соңку аракеттери да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонууну жаратууда. Жергиликтүү калктын бир даарынын оюнча, орус президенти 1999-жылы башталган экинчи чечен согуш өнөктүгүн Россияда келээрки жылдын март айына белгиленген президенттик шайлоого чейин бир жаңсыл кылууну көздөйт. Айтмакчы, экинчи чечен согушу чечендерге каршы катаң чараларды колдонуунун тарапкери катары таанымал болгон Путин мырза премьер-министрдин кызматын ээлеп турган кезде башталган.

Чечен туңгуюгунан чыгуунун жаңы аракеттери көрүлгөнү менен, алар улам-улам үзгүлтүккө учурап келатат. Март айында жумуриятта жалпы элдик референдум өткөрүлгөн. Анын расмий жыйнтыктарына ылайык, чечен калкы Россиянын курамында калууну чечкен. Ошол эле добуш берүүдө президенттик, андан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү сунуш колдоого алынган. Референдумдан көп узабай эле, чечен жанкечтилери тарабынан бир нече терракт уюштурулуп, 100дөй киши мерт болду. Бул сыяктуу окуялар президент Путиндин "чечен согушу аяктады" деген жарыясы шашылыш жасалды деген пикирлердин пайда болушуна негиз берди.

Соңку жардыруу, ички иштер министри Борис Грызлов берген маалыматка ылайык, чечен жанкечти аялдар тарабынан ишке ашырылган. Алгачкы расмий жоромолго караганда, белине жардыргыч заттарды курчаган эки аял милиция кызматкерлеринин катуу көзөмөлүнөн улам, Тушинодогу концерт болуп жаткан жайга кире албай, жашырып келген бомбаларын кире бериште эле жардырышкан. Россиянын ички иштер министринин орун басары Рашид Нургалиев орус сыналгысынын биринчи каналына берген интервьюсунда жанкечтилерди концерт жайына киргизбей койгону үчүн өз кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди:

- Жардыруулар 35-40 миңге жакын эл топтолгон жайда болчу болсо, анын натыйжасы кандай болоор эле, элестетип көргүлөчү.

Окуядан кийин, ички иштер министри Борис Грызлов массалык иш-чаралар өткөрүлүп жаткан жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөөрүн жарыя кылды:

- Эл жыш топтошкон жайларда – базарлар, концерт жана кинозалдарында, театрларда текшерүүлөр күчөтүлүп, массалык иш-чараларга келген көрөрмандар катуу көзөмөлдөн өткөрүлүүдө.

Ал эми Аслан Масхадовдун басма сөз өкүлү Тушинодогу жардырууларга чечен жикчилеринин жетекчилигинин тиешеси бар деген Кремлдин айыптоолорун четке кагып, соңку терракттар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө жууткан жок.

Дүйнө мамлекеттеринин бир катар жетекчилери, алардын ичинде бир катар борбор азиялык президенттер, орус президентине көңүл айтуу менен бирге, соңку окуялар терроризмге каршы күрөштү биргелешип улантуу зарылдыгын ого бетер айгинелейт деп белгилешти.

XS
SM
MD
LG