Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

ЭС АЛГАНЫ КЕТКЕН ДЕПУТАТТАР, БАЗАР БАШЧЫСЫНЫН ӨЛҮМҮ, ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН МИССИЯСЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада парламенттин эки палатасы тең күзгө чейин эс алганы тарады. Бишкектеги ири базардын башчысынын киши колдуу болуп каза табышы коомчулукту кыйла дүрбөлөңгө түшүрдү. Бирок кылмыш боюнча шектүү жарандар адаттагыдан тез колго түштү. Ал арада коргоо министринин мурдагы орун басары Борис Полудону Бишкек гарнизондук соту финансылык мыйзам бузуулары үчүн 13 жылга кести. Аптанын аягында Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын миссиясы келди.

Бул аптада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны жайкы каникулга тараса, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы аяктады. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары каникулга кетээр алдында «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарынын тизмесин» бекитүүгө үлгүрүштү. Эл өкүлдөр жыйыны болсо акыркы отурумунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алууну жана анын кесепеттерине каршы күрөштү талкуулап, өкмөттүн бул багытта жүргүзгөн иштерин жетишсиз деп баалады. Ал эми кышка даярдыкка байланышкан маселе күзгү сессияга калтырылды. Сессияда күн тартибине киргизилген 62 маселенин басымдуу бөлүгүн палата карап бүттү.

Палатадагы орчундуу окуяларга мисал келтирсек, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин уставын ратификациялашты. 137 мамлекетти бириктирген МАГАТЭ уюму 1955-жылы 3-декабрда түзүлгөн. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан МАГАТЭ аркылуу өз аймагындагы уран калдыктарын зыянсыздандырыш үчүн эл аралык коомчулуктан чоң өлчөмдөгү каражат суроого кошумча мүмкүнчүлүк алмакчы. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга 40-50 млн. доллар каражат керек.

30-июндан 1-июлга караган түнү Бишкектеги «Аламүдүн базары» соода комплексинин директору Шаршенбай Мааткабылов аялы жана балдызы менен кошо өз үйүндө атып өлтүрүлдү. Бул кылмыш боюнча шектүү үч киши Кыргызстандын аймагынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. 17-19 жаштагы бул үчөөнүн экөө мурда соттолгон.

Шаршенбай Мааткабылов Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун агасы болчу. Ушул жана башка себептерден улам, кылмыштын тез ачылганы чынында Ички иштер министрлиги үчүн абийир болду. Антпесе министрликтин ишине, айрыкча Жалалабадда милиция кызматкерлеринин куралы тонолгонуна байланыштуу депутаттар тарабынан да, коомчулук тарабынан да сын күчөй баштаган. Ушундан уламбы, айтор ички иштер министри Бакирдин Субанбеков Эл өкүлдөр жыйынына Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салгандардын бири кармалганын жарыялады. Былтыр 6-сентябрда Мисир Ашыркуловго эки граната ыргытылып, андан Коопсуздук Кеңешинин катчысы жарадар болгон. Ушул окуялардын баары, жарды мамлекетте кылмыштуулук акыры түбү саясий жана финансылык элитанын өзүнө коркунуч келтире баштаганын дагы бир жолу далилдеп отурат. Алардын тынчсызданганы да ошондон.

Ал арада Бишкек гарнизондук аскер соту коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал-майор Борис Полудону 13 жылга кесип, аскердик наамынан жана үй мүлкүнөн ажыраткан өкүм чыгарды. Борис Полудого «аскер бөлүктөрүндөгү бир нече миллион сомдук күйүүчү майды максаттуу пайдаланган эмес» деген айып коюлган. Бирок Борис Полудо өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албастан, Жогорку Сотко арызданууга ниеттенүүдө. Бул окуя коррупция менен катуу күрөшүп атканын көрсөткүсү келген бийлик органдарынын журт алдындагы дагы бир көзүрү болуп калды көрүнөт.

Бул аптада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул келишимге 2001-жылдын 15-декабрында Астанада кол коюлган. Бирок келишим кыргыз парламентине ратификациялоого бериле элек. Парламенттин айрым мүчөлөрүнүн айтымында, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ичинен Талас жана Чүй өрөөндөрүндө үч талаш жер бар. Казакстан менен Кыргызстандын ортосун бөлгөн чек аранын узундугу - 1240 чакырым. Ал эми өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу 12-майда жабылган Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы автоунаа жана аба каттамдары калыбына келтирилди. Демек, бул кыргыз-кытай чек арасы ачылды деген кеп. Буга Кытайдагы эпидемиялык кырдаалдын тынчыганы себепкер болду.

Жакында Кыргызстанга Жонатан Камквалала баштаган Дүйнөлүк Банктын миссиясы иш сапары менен келди. Жонатан Камквалала мырза - Дүйнөлүк Банктын бир катар ири долбоорлорунун жетекчиси. Миссиянын мүчөлөрү Кыргызстандын өкүлдөрү менен уюмдун өлкөдөгү иштеп жаткан долбоорлорунун аткарылышын талкуулашат. Дүйнөлүк Банк - Кыргызстанга эң көп карыз берген эл аралык финансы уюму. Банкка Кыргызстандын карызы - 454 млн. доллар. Миссиянын ишинин жыйынтыгы кандай болоору азырынча белгисиз, бирок андан Кыргызстандын жетекчилигинин ал-ахыбалы кыйла көз каранды. Анткени өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк көп жагынан эл аралык кредиттердин мындан ары келээр-келбесине жараша болот.
XS
SM
MD
LG