Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ КИТЕПКАНАЛАР ООР КҮНДҮ БАШТАН КЕЧИРИШҮҮДӨ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Баткен облусундагы райондук жана балдар китепканалары имараттын жоктугунан окурмандарын тейлей албай калышты. Баткен шаарынын айрым тургундарынан «Китепкана кайсы жерде экенин билесиздерби?» деп сурадык. Дээрлик эч кимиси китепкананын кайда экенин так билишпейт экен...

Жалпы Кыргызстандагыдай эле, Баткен облусундагы китепканалар тармагы да оор күндү баштан кечирүүдө. Облустук билим берүү жана маданият башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, азыр облустагы 188 айылдын 73дө гана китепкана иштейт. Бул 200 миңге жакын калктын китепкана кызматынын пайдалануу укугунан ажыраганын айгинелеп турат.

Облустагы китепканалардын кыйын абалга кептелгенин облус борборундагы китепканалардын мисалынан билсек болот. Уюшулганына 4 жылга чукул убакыт болсо дагы, облус борборунда каражаттын жана ылайыктуу имараттын жоктугунан облустук китепкана ачылган жок. Ал тургай Баткен шаарындагы мурда иштеп келген райондук жана балдар китепканалары да имарат жоктугунан улам окурмандарын тейлей албай калышты. Ушундай себептен улам буга дейре ар кай жерде көчүп-конуп жүргөн Баткен райондук китепканалар тармагынын баш кеңсеси убактылуу жайгашкан имарат менчиктештирилип кеткенине байланыштуу, өткөн жумада андан да чыгарылып көчөдө калды. Бул жөнүндө райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын жетекчиси Топчугүл Пирматова мындай дейт:

- Биздин райондук китепканалар тармагынын кеңсесине, комплектилер бөлүмүнө, балдар китепканасына, райондук китепканага жай жок. Азыркы күндө 60 миң фонд эч кандай орун жоктугунан керек-жарак коомунун подвалында жатат. Биздин кеңсеге жай жок. Бизди куугунтукка алып, бул жерди бирөө сатып алып, өзүнө менчиктештирип алганына байланыштуу азыр көчөдө жүрөбүз.

Ушундай кыйын шартка карабай, китепканачылар окурмандар менен болгон байланышын үзбөгөнгө аракет кылышууда. Айтмакчы, Баткен районундагы китепканачылар өткөн жылдын октябрь айынан бери эмгек акыларын алыша элек.

- Бизде эң эле аз, 500-600 сомдук эмгек акы алгандар бар. Ошол акча да убагында тийбейт. 2002-жылдын октябрь айынан бери акча жок. Андан мурда да бизге аванс деп эле 200, 300дөн кылып акча берип келишкен, - дейт Топчугүл Пирматова.

Облус борборунда бир дагы китепканын жоктугу, жүздөн ашуун облустук жана райондук мекеме-уюмдарга табылган имарат китепканга табылбай калганы ички маданияты жогору ар бир адамды, жалпы эле китеп күйөрмандарын өкүндүрбөй койбойт. Ал эми Баткен шаарынын тургуну Бусапира Сайданова шаарды түрө кыдырып китепкана таппаганына жаны кейийт.

- Мен китепкана издеп, кичинекей балама китеп окутайын десем, бир жерде да «китепкана» деген имарат көрбөдүм. Ушундай мезгилде китепканын жоктугу бардыгыбыздын жаныбызды кейитет. Уят эле иш!

Ушундай пикирден улам биз Баткен шаарынын айрым тургундарынан «Китепкана кайсы жерде экенин билесиздерби?» деп сурадык. Дээрлик эч кимиси китепкананын кайда экенин так билишпейт экен.
XS
SM
MD
LG