Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

БАКУнун Алматыдагы самммитинде президент А. Акаев сөз сүйлөдү


БИШКЕК. Кечээ Алматыда Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмуна (БАКУ) кирген өлкөлөрдүн саммитинде президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, А. Акаев уюмга кирген өлкөлөрдүн парламентарийлери ар кандай багытта регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүп жатышканын жогору баалады. Ошону менен бирге, А. Акаев регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, Борбор Азиядагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөө, регионду туруктуу өнүккөн зонага айландыруу боюнча көптөгөн маселелер, ириде соода-экономикалык маселелер чечилбей келаткандыгын айтып өттү.
БАКУнун Алматыдагы жыйынынын соңунда баңгизаттарга каршы коалиция түзүү, уюмдун келишим-укуктук базасын инвентаризациялоонун аякташы, уюмдун органдарында төрагалык кылуу жөнүндөгү документтерге кол коюлду. Мындан тышкары, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери терроризмге, экстремизмге жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чогуу күрөшүү тууралуу билдирүү кабыл алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG