Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

C. ШУШКЕВИЧ: МЕН БИЙЛИККЕ ЖАБЫШПАЙ АБИЙРИМДИ САКТАП КАЛГАНЫМ ҮЧҮН СЫЙМЫКТАНАМ (Маек, 2-бөлүк)


С.Шушкевичтин ысмы 20 кылымдын аяк ченинде болгон өтө ири саясый окуя-Белорус, Россия жана Украинанын мамлекет башчыларынын Беловеж токоюндагы СССРдин кыйроосуна алып келген келишимге кол кою жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктешиги-КМШнын түзүлүшү менен менен байланышкан. Себеби, 1991-94-жылдары С. Шушкевич Белорус Жогорку Кеңешинин төрагасы же Белорустун биринчи лидери болгон. Соңку жылдары Станислав Станиславович оппозициядагы социал-демократтык партиянын төрагасы. Ал жакында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун 50 жылдык мааракесине сый конок катары келип, “Күнкорссуздук жана эркиндик” деген темада доклад жасады. С. Шушкевич менен кабарчыбыз Амирбек Азам уулу өткөргөн маектин 2-чи бөлүгүндө Белорус-Россия союзу, бийлик табияты, белорус шайлоочуларынын аны эмес, А. Лукагенкону колдоосунун себептери жөнүндө кеп болот.

- Эмне үчүн Белорус интеллигенциясы, саясый элита жана калктын активдүү бөлүгү өз маалында Лукашенкого “алданып”, анын ички дүйнөсүн аңдай албай калышты? Алар эмне үчүн Сизге эмес, Лукашенкого добуш беришти?

С. Шушкевич: Сурооңуздун жообу өтө жөнөкөй. Мындай учурда мен дайыма бир анекдотту айтып берем. Одессада зергерге бир киши келип, жарака кеткен алмазды бөлүп берүүнү сурайт. Зергер Ваньканы чакырып, алмазды жарып бер дейт. Ванька бычакты алып, алмаздын жаракасына салганда, ал экиге бөлүнүп калат. Муну көргөн кардар эсинен тана жаздап: “Амстердамдык, Париждик жана Лондондук зергерлер алмаз майдаланып калат дешип, аны бөлүүдөн баш тартышкан болчу. А Ванька кантип корпой жарды?” дейт. Ошондо зергер: “Мен алмаздын баасын билем. Сиз алмаздын баасын билесиз. Ванька анын баасын билбейт. Ошон үчүн анын колу калтыраган жок” деген экен.

Билесизби, Лукашкенко шайлоочуларга убада берип жатып, айткан сөздөрүн кантип аткарарын ойлогон да, билген да эмес. Азыр да аларды кантип ишке ашырганды билбейт. Ал инфляция айына 2 проценттен көп болбосун деген жарлык чыгарса, инфляция туруктуу калат деп ойлойт. Ал эмес, президенттик администрация тарабынан инфляция 2 проценттен ашпасын деген жарлыктын долбоору да даярдалган. Анын себеби, бул адамдын саясый сабаты өтө төмөн.

Балтика республикалары: Литва, Латвия жана Эстония ишке дасыккан саясатчылардын муунун тарбиялашты. Тыш өлкөлөрдө алардын кубаттуу жамааты, өлкөдө эзелтен калыптанган саясый салты бар эле. Белоруста бул жагынан жагдай өтө начар болчу. Анткени, өткөн кылымдын 30-чу жылдарынын баш ченинде белорус тилинде жазган акын-жазуучулар, тарыхчылар, инженерлер, философтор кырып өлтүрүлгөн. Анын натыйжасында, элдин тамыры кыркылган. Кийин мен түшүнсөм, бул элди бөлүп-жарып башкарууга, улутту жок кылууга багытталган бир максаттуу саясат болгон экен. Мындай саясат 1795-жылы Польшаны үчүнчү ирет бөлүүдөн башталып, Грбачевдук “кайра курууга” чейин жүргүзүлгөн. Ойлоп көрсөңүз, ал кездеги ураандар кандай кооз жана кулакка жагымдуу болгон:

“Жер дыйкандарга, заводдор жумушчуларга!” Бирок, эч ким эч нерсеге ээ болгон эмес. Бул чакырыктарга белорустар ыйык нерседей ишенишкен.

Литвалыктар, латыштар жана эстондор бул мезгилде (20-кылымдын 30-жылдарынын аягына чейин) өздөрүнүн мамлекетин куруп жатышкан.

Элдин тарыхый эс тутуму “кайра тирилген”. Алар “ширин” сөз менен жакшы мамлекетти куруу мүмкүн экенин билишкен.

Менин оюмча, силердин аймактын эли да( кечиресиз аймак деп атаганыма) Белорустагыдан да бетер айла-амалдар менен узак убакыт бою алданып келген. Ошондуктан, белорустар менен кыргыздардын тагдыры окшош.

Байкасаңыз, Россиянын улуу жана кубаттуу супердержава болуусун каалаган адамдар элди алдаганын көрөсүз. А иш жүзүндө Россиянын букаралары айрым учурда белорустар менен кыргыздарга салыштырганда начар жашашкан. Демек, бул жоопкерчиликсиз саясат болгон.

Сен чыныгы саясатчы болсоң, элиңе жакшылык каалашың шарт.

Белорустагы жагдайга кайрылсак, мен жыл сайын Чыгыш Германияда экономикалык форумда болом. Мына ушул форумда жыл сайын Белоруста ички дүң продукция өспөстөн, тескерисинче, төмөндөп баратканы айтылат.Бирок, ырасмий маалыматтар андай эмес. Эмне үчүн? Белоруста ички дүң продукция өсүш керек деген көрсөтмө (директива) бар. Ошон үчүн бийлик ички дүң продукция өсүүдө деп элди үзбөй алдап келет. Мындай жолду тандап алган саясатчылар саясый кылмыш жасашууда. Алар бийликти колдон чыгарбоо үчүн Маккиавелинин “Элдин кандай жашаганы маанилүү эмес. Бийликте отурганың маанилүү” деген кеңешине ылайык иш жүргүзүшөт.

- Мындай шартта президент Александр Лукашенко жүргүзгөн саясатка макул келген адамдар да жоопкерчиликти тең бөлүшүүсү шартпы? Сиздин пикириңиз кандай?

С. Шушкевич: Ооба, мунун баары туура сөз. Бирок, бийликте болсом деген романтизм кээде өтө туура жүргөн чынчыл адамдарды да адаштырат. Белорус оппозициясынын катарында азыр Лукашенкону саясый орбитага алып чыккан бир топ адамдар бар. Алардан: “Эмне үчүн аны бийликке алып келдиңер?” деп түз сурасаң, “Биз анын тайыз, бирок эрки өтө күчтүү адам экенин билгенбиз. Ошондуктан, биз анын “мээси”, интеллектуалдык кубаты, идеяларынын генератору болсок, ал өзүнүн түздүгү жана бекем саясый эрки менен бул идеялардын турмушка ашыруучусу болот деп ишенгенбиз” деп актанышат. Азыр эми алардын көбү кайда экенин ким билет. Алардын саясаттан сүрүлүп чыгышына Лукашенконун да кошкон салымы бар экенине мен ишенем.

- Оболу Президент Лукашенко демилгечиси болгон Белорус менен Россия ортосундагы союздун келечегине болгон мамилеңиз кандай?

С. Шушкевич: Өтө түшүнүксүз. Менин бул маселеге болгон мамилем президент Путиндикине окшош. Путин: “Келгиле, чымынды котлет менен ажырата албай чаташтырганды токтотолу. Минтип баарын бир жерге үйгөндү койолу” дебедиби. Айтыңызчы, чымын кайда, котлет кайда?!

Биздин президентибиз (Лукашенко): “Мен православ атеистмин. Мен саясый интеграция жана күнкорсуздукту сактоо үчүнмүн” деп, бир бирине коошпогон нерселер жөнүндө сөз кылат. Путин билимдүү жана сабаттуу адам болгондуктан, ал Лукашенконун мындай жосунсуз сөзүнөн тажады.

Сиз бир өлкөнүн президенти башка бир өлкөнүн президентине “Чымынды котлет менен чаташтырбаңыз” дегенин уктуңузбу? Владимир Путин минтип айтты. Демек, Белорус менен Россия ортосундагы алты келишимдин баары тең куру кыял жана химера. Мунун баары идеологиялык догма. “Биринин токумун башка бирөөгө кийгизүү”. Павел Бородин ( Белорус жана Россия союзунун катчысы) жана ага окшогондорго уяттуу адамдар колун бербейт. Бородин сындуу империялык маанайга сугарылган адамдар кимге болбосун, эмнеге гана болбосун, эң алды “алтын торпок” үчүн белин бүгүп кызмат кылышат. Алар эмнени гана кылышпады. Ошондуктан, бул келишимдер, менин оюмча, күчтүү саясатчылар үчүн өтө коркунучтуу жышаан жана айрым учурда империячыл саясаттын жактоочуларын актоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Деген менен, менин байкашымча, соңку кезде Россия өз букараларынын жыргалчылыгы жөнүндө кам көрө баштады.

Россия себеби дүйнөдөгү өтө бай мамлекет. Табигый байлыктары мол, территориясы чексиз. Ал эми адамдары жарды. Жан башына өндүрүлгөн ички дүң продукция жөнүндө же Владимир Путиндин 2010-жылга чейин ички дүң продукция эки эсе көбөйтүлсүн деп тапшырма бергенин укканда, адам уялат.

Путиндин бул сөзү “Өзүбүздү өзүбүз алдаганыбыз жетишет. Келгиле, Белоруска окшогон өлкөлөрдүн территориясына көз артканды коюп, өз өлкөбүздү иреттеп алалы” дегенди түшүндүрөт го.

Менин пикиримче, Россия Чеченстанда конституциялык тартипти орнотом деген сөзүн коюп, Чеченстанда жасаган иштери үчүн чечен элинен кечирим сураш керек. Неместер башка элдерден кечирим сурабадыбы.

Мен Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде болгонумда, анын премьер-министрине бала кезимден неместерди биринчи душманыбыз катары билгенимди, немес десе-жоо дегенди түшүнгөнүмдү айттым. Ал эмне деди дебейсизби? Премьер-министр немес улуту белорус калкына келтирген жамандыктары үчүн менден кечирим сурап, эми биз дос болушубуз керек деди.

Ким өткөн иштер үчүн чын дилинен өкүнсө, ал жакшылыктын жолуна түшөт деп ойлоймун. Менин байкашымча, Россия чечен маселесинде жана башка маселелерде неместердин жолун кайталоого жакын турат.

- Соңку суроом: Сиз бийликти өтө жеңил берип койгонуңузга азыр өкүнбөйсүзбү?

С. Шушкевич: Мен абийиримди сактап калганым үчүн өкүнбөйм. Мен буга сыймыктанам. Менин досторум, чыныгы досторум, Аскар Акаевди да чыныгым досум деп эсептечүмүн, алар эгер мен мыйзамсыз иштерге барсам, андан кийин алар мага колун берип, саламдашпайт деп ойлочумун. Мен андай мыйзамсыз ишке барбаганыма өкүнбөстөн, тескерисинче, сыймыктанам. Чынын айтсам, жашоодо мен өзүмдүн ишмердүүлүгүмдүн багытын бир нече жолу өзгөрттүм жана бир кыйла ийгиликтерге жетиштим. Менин саясый ишмердүүлүгүм үчүн мени каалаганча сындаса болот. Бирок, абийири жок деп эч ким айта албайт.


С. ШУШКЕВИЧ: БИРДИКТҮҮ ЭКОНОМИКАЛЫК МЕЙКИНДИК БАРДЫК ТАРАПТАР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ (Маек, 2-бөлүк)
XS
SM
MD
LG