Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

ӨНҮГҮП КЕЛАТКАН ӨЛКӨЛӨР ӨНҮККӨН ТЕХНОЛОГИЯГА МУКТАЖ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттар Уюму июн айынын аягында Нью-Йорк шаарында эл аралык илимий конференция өткөрдү жана анда - дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн турмушуна эң алдыңкы илимий технологиянын үлгүлөрүн киргизүү керек экендиги айтылды. Мисал үчүн, Африка же Латин Америка мамлекеттеринде азыртан эле зымсыз интернетти өнүктүрүү зарыл.

Интернетке кошулуу же зымсыз телефон менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү азырынча өнүккөн мамлекеттерде жашаган элдин баарында да бар эмес, ошондуктан Нью-Йорктогу конференциянын катышуучуларынын андай технологияны начар өнүккөн өлкөлөрдө өнүктүрүү керек деген ою биринчи караганда утопияга окшош. Анткен менен, келечек баары бир зымсыз технологияда, ошондуктан өнүгүп келаткан өлкөлөр аны азыртан эле өнүктүрө башташ керек экенинде жүйө бар.

Азыркы интернет негизинен - телефон системасына байланышкан нерсе жана сиз үйүңүздө отуруп, башка өлкөдөгү бирөө менен интернет аркылуу байланышам десеңиз, үйүңүздөгү компьютерди телефонго кошууга тийишсиз. Телефон байланышы болсо негизинен зым аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, интернет кызматы - мындан 30-50 жыл мурда курулган жана жыл өткөн сайын улам эскирип бараткан кабел системасына көз каранды. Дүйнө өлкөлөрүнүн бардык эле булуң-бурчтарына телефон кабелдери жаткырылган эмес, ошондуктан телефону жок жерге интернет да жетпейт.

Бирок мындан он чакты жыл мурда эл арасында зымсыз телефондор кеңири тарай баштады жана андан көп узабай, андай мүмкүнчүлүктү интернет технологиясы менен бириктирүүдөн чыккан зымсыз интернет пайда болду. Бул технология азырынча эң өнүккөн өлкөлөрдө деле кеңири тарай элек, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири болгондуктан, окумуштуулар аны бүткүл дүйнөгө таратуу маселесин азыртан караштырууда.

Интернетке кошулган адам - Бишкекте отуруп алып, Америкада чыккан гезиттерди окуй алат, же болбосо Австралияда жашаган адамга компьютер аркылуу кат жазып, бир нече мүнөттөн кийин андан жооп ала алат. Интернетти өнүктүрүү үчүн болсо азыр өлкөнүн алыскы айыл-кыштактарына кабел жаткыруунун деле кереги жок, кеңири аймак-дубандарды тейлөө үчүн азыр бир спутник станциясы жетиштүү. Азырынча андай станцияларды орнотуп-тейлөө кымбат болгону менен, компьютердик технология өнүккөн сайын, андай кызмат улам арзандоодо.

Өнүккөн өлкөлөрдөгү илим жана технология өзүнүн азыркы абалына абдан узун жана татаал жолду басып өтүп жетти жана азыркы өнүгө элек өлкөлөрдүн ага жетиши үчүн, алардын сөзсүз эле ошол жолдун бардык баскычтарын басып өтүшүнүн кереги жок. Кээ бир саясатчылар - демократия батышта 200 жыл өнүккөн, ошондуктан Кыргызстанда анын өнүгүп, тамыр жайышына 10 жылдык мөөнөт жетишсиз дейт. Бирок Батышта өндүрүлгөн "Мерседес" машинесин айдаш үчүн, кыргыздар сөзсүз эле ат-араба, андан соң машинелердин эски үлгүлөрүн айдагандан кийин гана "Мерседеске" отуруш керек деген сөз деги эле туура эмес.

Ошондой эле, азырынча телефондук кабел системасы өлкөсүнүн бүткүл аймагына жетип тарай элек өнүкпөгөн өлкөлөр телефон кызматына жетүү үчүн, андай кабелдерди жаткырып убара болушунун кереги жок, дароо эле зымсыз технологияга өтсө болот. Ал үчүн, албетте өнүккөн мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын жардамы зарыл.

Нью-Йорктогу конференцияга катышкан индиялык адис Амир Хассондун айтымында, ага азырынча кымбатчылык жана кээ бир жергиликтүү өзгөчөлүктөр гана тоскоолдук болушу мүмкүн: "Компьютердик аспаптарды табуу, аларды тейлөө жана оңдоо, аны менен катар, мисал үчүн, өтө ысык аба ырайы бир топ таасир этет. Андан тышкары, айрым алмаштырылуучу аспаптарды табуу үчүн кээде 3-4 ай керек болушу мүмкүн".

Бирок Хассендин айтымында, азыр Индиянын кээ бир алыскы айылдарына каттаган автобустардын айдоочулары зымсыз интернетти пайдалана баштады. Алар ошол алыскы айылдарда аларды канча адам күтүп жатканын же дагы кайсы айылдарга бүгүн бара кетиш керек экенин эч кандай диспетчерсиз эле билип алат.
XS
SM
MD
LG