Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

КАЗАКСТАНДА СПИДге ЧАЛДЫККАНДАР МЕНЕН БАҢГИЧИЛЕРДИН УКУГУ БАСМЫРЛАНУУДА


Бүбүкан Досалиева, Прага Казакстанда СПИД дартына чалдыккандардын саны дүйнөдөгү жалпы абалга салыштырмалуу аз. Укук коргоо уюмдарынын баамында, бирок, жыл өткөн сайын алар коомдун укугу басмырланган, турмуштук айрым жагдайларда башка адамдар менен теңтайлаша албаган катмарына айланып барат. Буга эмне себеп?

КМШдагы башка мамлекеттер сыяктуу эле Казакстан эгемендик алгандан тарта баңгичилер, сойкулар жана адамдын иммунитеттик таңсыктык дартына чалдыккандардын саны өсүп келет. Казак өкмөтүнүн 2002-жылдагы маалыматына караганда, СПИД дартын пайда кылуучу вирусту жугузуп алып жашап жүргөндөрдүн саны өлкөдө 25 миң болду. Булардын көпчүлүгү расмий каттоого алынган 200 миңдей баңгичинин 85 процентин түзөт.

Адам укуктары боюнча “Хьюман райтс уотч” эл аралык уюму Казакстандагы аталган катмар өкүлдөрүнүн укугунун корголушу боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын өткөн жумада жарыялады. Ал маалыматка караганда, баңгичи, сойку жана СПИД дарттуу адамдардын укугу коомдун башка мүчөлөрү, анын ичинде айрыкча, милиция кызматкерлери тарабынан өтө басмырланууда. Ал тууралуу “Хьюман райтс уотч” уюмунун Борбор Азия жана Орусия боюнча иликтөө борборунун өкүлү Мэри Струзе мындай дейт:

- Милиция кызматкерлеринин жарандардын укугун басмырлоосу адаттагы көрүнүшкө айланган. Алар айрыкча баңгизат сайынгандарга, сойкуларга, СПИД менен ооругандарга, тактап айтканда, коомдун жаралуу катмарына айлангандарга айбанга жасагандай мамиле жасашат. Ушундан улам алар өзүлөрүнө багытталган кызматтан пайдалануудан качышып, башкалардан обочолонуп жашоого мажбур болушат.

Мэри Струзенин айтымында, Казакстан эгемендик алгандан кийин саны абдан өсүп кеткен сойкулардын милиционерлерге жашыруун акча бериши, алардан таяк жеп, зордукталышы жаңылык деле эмес. Баңги сайынгандар милицияны жашыруун түрдө багып жатат десе да болот. Анткени, алар баңгичилерди же алар баңги заттарды сатуучу жерлерди күнү-түнү кайтарып, баңги сатып жаткан жеринен кармап алса, камакка албастан ооз басырыкка акча алышат. Ага милиционерлер да, баңгичилердин өздөрү да көнүп бүтүшкөн. Буга өзүнүн чыныгы атын айтпай, Газихан деп тааныштырган баңгичинин төмөнкү сөзү күбө:

- Улуттук коопсуздук кызматы жана милиция баңгичилерди дайыма аңдып турат. Муну бардык баңгичи же баңги саткан 5, 6, 10, 20 жерге барып сурап көрүңүз, баары айтышат. Милициянын машинасы дайыма турат. Алар баңгиликке каршы күрөшпөйт. Алар бай адамдардын баңгиге байланган балдарын аңдып, кармашат. Баасы 500 теңгеден ашкан баңги менен кармашса, аларды түрмөгө салабыз дешет. Аны каалабаган ата-энеси 100 доллардан 800 долларга чейин берип балдарын куткарып кетишет. Бул дайыма кайталанып турган нерсе, бул - бизнес.

Ал эми Алматыдагы баңгичилерди дарылоочу ооруканада жаткан Наташа аттуу баңгичи милиционерлерден көргөн кордугу тууралуу мындай дейт:

- Ооба, ошондой учурлар болчу. Милиционерлер бизге адам эмес айбандай мамиле кылышат. Мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүшчү. Ал тургай зордуктоого да аракет кылышкан. Менин теңтуштарымдын көбүн милиционерлер биринин артынан бири келип зордукташкан.

Казакстандын Юстиция министрлигинин баңгиликке каршы күрөшүү комитетинин башчысы Нурлан Абдиров болсо министрлик БУУнун баңгиликке каршы программасынын негизинде иштеп жатат деп, мындай көрүнүш боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Албетте, Казакстандын өкмөтү коомдогу бул олуттуу көйгөйгө каршы күрөшүүгө багыт алганын, СПИД менен ооругандарды айыктыруу боюнча программасын ишке ашырып жатканын маалымдоодо. Программа беш жылга белгиленген. Ичтен бөлүнгөн жана сырттан келген каражаттардын жалпы суммасы 150 миллион доллар болмокчу. Бул программанын алкагында СПИД менен ооругандардын укугун коргоо боюнча эл аралык стандарттарга ылайык мыйзамдар иштелип чыгышы керек.

Мэри Струзенин айтымында, бирок, казак өкмөтү баңгичилер, сойкулар жана ВИЧ-СПИД оорулуу адамдар өз укуктары тууралуу маалымат алып, өз көйгөйлөрү тууралуу пикир алыша турган атайын жайларды тезирээк түзүүгө ыкшоолук кылууда. Ушундан улам алар коомдо өздөрүн экинчи даражадагы же коомдон бөлүнгөн катмар катары сезип, милиция жана башка тейлөө кызматтагылар да аларга жийиркеничтүү мамиле жасоодо. Ушундан улам алар чыныгы жашоосун жашырууга мажбур болушууда. Бул өз кезегинде кан аркылуу же жыныстык жол менен жуга турган өтө коркунучтуу оорулардын жайылуусунун башаты болууда. Бул тууралуу ВИЧ инспекциясына жана баңгиликке каршы күрөшүү борборунун башчысы Гаухар Исаева мындай дейт:

- Казакстанда жалгыз гана СПИД менен ооругандарды дарылай турган бир да оорукана жок. Массалык маалымат каражаттарында ВИЧ-СПИД менен ооруган адамдар көбөйдү деп айтылып жатат, бирок, алардын көзүн көргөн бир адам жок. Алар катышкан же алардын проблемалары менен алектенген бир дагы коомдук уюм жок.

“Хьюман райтс уотч” уюмунун өкүлү Мэри Струзенин айтымында, казак өкмөтү баңгиликке каршы күрөшүү багыттарын аныктоо үчүн иликтөө жүргүздү. Анда өкмөт бул багытта узак мөөнөттө иштөөчү атайын институтка муктаж экендиги аныкталды. Ал институт СПИД менен ооруган адамдардын көйгөйүн ачык айтып, дарылануусуна шарт түзүү жолдорун иликтеп чыгууга тийиш. Андан тышкары казак өкмөтү алардын укугун коргош үчүн эл аралык укук нормаларга ылайык мыйзамдарды тезинен иштеп чыгып, ишке киргизүүсү зарыл. Антпесе, бул дарт бардык жерде жайыла берет.
XS
SM
MD
LG