Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Өзбекстанга иш сапары кийинкиге жылдырылды


Кечээ Москвада болгон террордук жардыруунун себептери иликтенүүдө. Ички иштер министри Борис Грызловдун айтымында, жардыруу Владимир Путиндин өткөн аптанын соңундагы Чеченстандагы президенттик шайлоону үстүбүздөгү жылдын бешинчи октябрына белгилеген жардыгына жооп иретинде болушу ыктымал. Кечээ Москвадагы Тушино аэропортуна жакын жерде өткөн рок-концертте эки жангечти аял өзүн өзү жардырып, 20дай адам каза болуп, бир нече адам жарадар болду.
Жогорудагыдай кайгылуу окуяга байланыштуу бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин Өзбекстанга боло турган иш сапары кийинкиге жылдырылды. Владимир Путиндин Өзбекстанга качан иш сапары менен барары азырынча маалымдалган жок.

XS
SM
MD
LG