Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Израил бийлиги түрмөдө отурган 300 палестиналык жаранды боштондукка чыгарат


Израил бийлиги жакын арада түрмөдөн 300 палестиналык тургунду боштондукка чыгарат. Мындай чечим Израил өкмөтүнүн бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Бардыгы болуп учурда Израилдин түрмөлөрүндө сегиз миңге жакын палестиналыктар кармалууда. Жакынкы сааттарда Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз Палестинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммад Дахлан менен жолугушуп, палестинанын аймагынан Израилдин асерлерин чыгарууну улантуу маселесин сүйлөшөт. Буга чейин Израил бийлиги Газа тилкесинен, Вифлеемден жана Иордания дарыясынын батыш жээгинен өз аскерлерин алып чыгып кеткен. Израил бийлиги мындай кадамдарга жакында палестиналык бир нече исламчыл топтордун үч айга чейин ок атышпоо тууралуу убадасынан улам барууда. Палестин тарап өз мезгилинде Израил түрмөлөрүнөн палестиналыктарды бошотуу жана басылып алынган аймактардан Израилдин аскерлерин чыгаруу талабын коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG