Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ОТТАВА ЖЫЙЫНЫ ҮМҮТ ЖАРАТТЫ


Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган “жол картасы” планына ылайык, 2005-жылга карай эгемен Палестин мамлекети түзүлүүгө тийиш. Байкоочулар дээрлик 4 миллион палестин качкындарын үйлөрүнө кайтаруу жөнүндөгү маселенин чечилиши тынчтык процессинин алга жылуусун шарттайт деген пикирде.

Өткөн айдын соңунда Канаданын Оттава шаарында жабык эшик артында чогулган конференцияда Израиль жана Палестин тараптары палестин качкындарынын тагдырын чечүүгө багытталган суроолорду талкуулашты.

Бириккен улуттар уюмунун чукул жардам боюнча агенттигинин аныктоосунда “палестин качкындары” катары “1946-жылдын июнунан тартып – 1948-жылдын май айына чейинки аралыкта Палестинада туруктуу жашап, 1948-жылкы араб-жөөт жаңжалынын натыйжасында үйлөрүнөн ажыраган кишилер же алардын урпактары саналат”. Алардын саны 1950-жылы 914 миң адамды түзсө, 2001-жылга карай – 4 миллионго жакындады. Басымдуу бөлүгү - 2,5 миллиондою качкындар лагерлеринде эмес, Иордания, Сирия жана Ливан өңдүү өлкөлөрдө баш калкалап жүрөт. Палестин качкындары жайгашкан 59 лагерь БУУнун көзөмөлү алдында. Бирок дүйнөнүн айрым мамлекеттери акчалай жардам берип турушат. Мисалы былтыр лагерлерге көрсөтүлгөн 414 миллион доллардык жардамдын басымдуу бөлүгү Европа өлкөлөрү тарабынан берилди. АКШ – 123 миллион доллар, араб өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия жана Палестин автономиясы - 7 миллион доллар чегеришти. Израилдин бюджетинде качкындарга берилчү каражат каралган эмес.


Качкындар маселеси өтө татаал жана эмоционалдуу болуп саналаары белгилүү. Палестиналыктар качкындарга 1948-жылга чейин байырлаган жерлерине кайтып баруу укугунун ыйгарылышын талап кылып келет. Тель-Авив болсо, андай болгон кезде Израилдин мамлекеттүүлүгүнө шек келет деген турумда. Ушундай эки ача жагдайга карабай, Оттава конференциясынын катышуучулары качкындар маселесин чечүү жолдорун издөө керектигине басым жасашты. Анткени “жол картасы” планына ылайык, 2005-жылга карата эгемен Палестин мамлекетин түзүү керек. Палестин расмий өкүлдөрү менен окумуштуулары, жөөттөр, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттер катышкан жыйында дал ошол дата качкындар проблемасын бир жаңсыл кылуунун мөөнөтү катары аталды.

Палестинанын статистика боюнча борбордук кеңсесинин төрагасы Хасан Абу-Либдех конференциянын маанисин абдан жогору баалады: “Бир жакшы жери, эмнени ойлосоң, ошону ортого салсаң болот. Ошону менен маселелердин түз, ачык жана объективдүү маанайда чечилишине шарт түзүлүүдө. Мурун ойго келбеген нерселердин үстүнөн ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду”, - дейт палестин расмий өкүлү.

Белгилей кетели, Канада палестин качкындары боюнча эл аралык иш тобунун жетекчиси. Ушул өңдүү жыйындар 1997-жылдан бери өткөрүлүп келатат.

Жыйында элдин атажуртуна кайтарылышы гана эмес, алардын мекенине баргандан кийин кандай проблемаларга түш болушу мүмкүн деген соболдор да талкууланды. Атап айтканда, эгерде бир эле мезгилде көп сандагы качкындар агылып келсе, Израилдин медицина, укук жана билим берүү системасы эмне болот деген маселе каралды.
Аны менен бирге делегаттардын көпчүлүгү калк жаңы Палестин мамлекетинде же азыркы жерлеринде жашоону тандап алышат деген божомолун айтышты. Демек, Израилге миллиондогон качкындар агылат дешке негиз аз.

Жыйында Кэмбриж университетинин кызматкери Йезид Сайиг качкындар маселесин чечүү боюнча өзүнүн сунушун тартуулады. Ага ылайык, болочок Палестин мамлекетинде калган ар бир жөөт үчүн бир палестиналыкка Израилде жайгашуусуна уруксат берилет.
Ушул өңдүү талаштуу көз караштарга карабай, Оттава конференциясы тараптар ортосунда өз ара жылуу маанай түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Канадалык дипломаттын сөзү менен айтканда, “Оттава жыйыны жемиш берет дешке үмүт бар”.

XS
SM
MD
LG