Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Облус милициясы «хизбу-т-тахирчилерге» каршы


ЖАЛАЛАБАД. Облустук ички иштер башкармасынан 7-июлда алынган маалыматка караганда, жыл башынан бери Жалалабад, Сузак, Базаркоргон жана башка аймактардан жашыруун партиянын 30 мүчөсү кармалган. Алардан Ислам халифатын курууга жана Батыш өлкөлөрүнүн саясатына каршы чакырган тымызын уюмдун 375 баракчасы менен диний 25 китеп, журналы табылган. 21 адамга кылмыш иши ачылып «Хизбу-т-тахрирчи» 10 киши 4 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратылган, 8 адамдын иши сот изилдөөдө турат. Жашыруун партиянын 9 мүчөсү административдик жазага кириптер болушуп, аларга 80 миң сомдон ашык айыппул салынган. Кармалгандардын ичинен 11 киши кыргыз улутунан, алар Аксы жана Ноокен райондору менен Ташкөмүр шаарынын тургундары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG