Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Эркин басма үйү күздө ишке кирет


БИШКЕК. АКШнын «Фридом Хаус» уюмунун долбоору боюнча негизделип жаткан басма үйү ушул күздө ишке кирери күтүлүүдө. Уюмдун менежери Рамис Зиянгараевдин 7-июлда «Азаттык» радиосуна маалымдашынча, учурда имарат реконструкцияланып, жабдуу иштери жүрүүдө. Имарат Бишкек шаарынын Күнчыгыш аймагындагы Горький менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен берилген. Басмакана саатына 20 миң нуска күндөлүк түстүү басылмаларды чыгарууга эсептелүүдө. Долбоор менежеринин айтымында, басма үйү Кыргызстан эле эмес, Казакстан менен Өзбекстандын да заказдарын аткарат. Басма үйү «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деген ат менен өткөн жылдын декабрында юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Аны Директорлор кеңеши башкарат. Кеңештин курамында эларалык уюмдардын, АКШнын жана Кыргызстандын расмий бийликтеринин, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү бар.

XS
SM
MD
LG