Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Облус губернатору коомдук коопсуздук боюнча буйрук чыгарды


НАРЫН. Үстүбүздөгү жылы Сарыбулакта жана Жалалабад облусундагы куралдуу топтордун жасаган кылмыш иштеринен кийин Нарын облусунун губернатору облустун аймагындагы коомдук коопсуздукту чыңдоо, өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу жөнүндө буйрук чыгарды. Ал буйрукта Нарын облусунда болуп жаткан адам өмүрүнө байланышкан оор жана өзгөчө кылмыштардын, көп кездешкен мал уурулукка байланышкан уюшкан топтордун бетин ачууну, чет элдик атуулдардын коомдук коопсуздугун чыңдоону укук коргоо органдарына тапшырган. Анын негизинде июль айына иш график түзүлүп, ар бир айылдарда айыл өкмөттөрүнүн башчылары, участкалык милиционерлер, аксакалдар соту катышкан жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG