Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

А. Бөрүбаев: «Парламент мөөнөтү бүткөнчө иштейт»


БИШКЕК. Парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу үчүн мыйзам боюнча депутаттар өздөрү демилге көтөрүшү керек. Бирок, парламенттин мындай демилге көтөрүшүнө негиз жок, мыйзам боюнча палата мөөнөтү бүткөнчө иштейт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда тарары тууралуу имиштер чындыктан алыс. Мындай пикирин дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда учурда коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Ал эми алдыда жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке, президенттикке шайлоо компаниялары жакындап келаткан шартта саясий партиялар менен жарандык коомдун жанданып жатышы кадыресе көрүнүш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG