Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Тегерек үстөл 19-июлга которулду


БИШКЕК.«Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы: мамлекет менен жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана механизмдери» деп аталган тегерек үстөл талкуусу мурда белгиленгендей, 12-июлда эмес, 19-июлда өтө турган болду. Уюштуруучу топ даярдыктардын мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүп, акыркы отурумда ушундай чечимге келди. Бул тууралуу дүйшөмбүдө президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, тегерек үстөлгө саясий партиялардын, маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын жана расмий бийликтин президент Аскар Акаев баш болгон өкүлдөрү катышат. Расмий бийликтин демилгеси менен төртүнчү ирет өтүп жаткан бул иш чарада үч маселе талкууланат. Башкача айтканда, уюштуруучу топ күн тартибине коомдун өнүгүшүнө саясий партиялардын кошуп жаткан салымы, коомдук саясатка жарандык коомдун катышы, бийликтин ачык-айкындыгы жана маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги өңдүү маселелерди киргизди. Төрт тараптуу мындай тегерек үстөлдүн алгачкысы 2000-жылдын июль айында парламенттик шайлоодон кийин өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG