Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН 16-СЕССИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ


Азиза Турдуева, Бишкек http://gdb.rferl.org/C8472EE7-F152-4279-B5FB-1D66D3588BFB_w203.jpg Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Бөрүбаев палатанын 16-сессиясынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

24-июндан 3-июлга cозулган Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын 16-сессиясынын күн тартибинде 62 маселе каралды. Алардын ичинен олуттууларын атай кетели. Депутаттар Улуттук банктын 2002-жыл үчүн отчетун угуп жактырышты. Бирок, палатада Улуттук банктын ишиндеги ири кемчиликтер жөнүндө айтылып, анын иштиктүүлүгүн текшерүү максатында депутаттык комиссия түзүлдү. Андан тышкары, Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары президентке жана Эсептөө палатасына Улуттук банктын ишин иликтөө боюнча атайын иш-чараларды көрүү жөнүндөү өтүнүч менен кайрылышты.

Чоң талаш-тартыштарды туудурган дагы бир маселе-электр энергияга болгон тарифтерди түзүүгө байланыштуу болду. Бул маселе боюнча депутаттар энергетика боюнча мамлекеттик агенттигинин ишин канааттандырарлык эмес деп таап, бул тармактагы жооптуу кызматкерлерге карата тиешелүү чараларды көрүү, ошону менен бирге электр энергияга болгон тарифтерди түзүү эрежелерин камтыган мыйзам актын даярдоону тапшырышты.

Палатада ошондой эле өлкөдөгү тышкы соода иштеринин абалы, балык чарбасынын абалы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн менчиктештирүүдө түзүлгөн инвестициялык фонддордун иш-аракеттери жөнүндө, жана башка маселелер каралды. Депутаттар алыскы жана жакынкы чет өлкөлө менен түзүлгөн 20 эларалык келишимдер жана макулдашууларды карап, ратификациялашты.

Сессиянын жүрүшүндө палатада алгачкы ирет «өкмөттүк күн» өткөрүлдү. Анда коомдук коопсуздук маселеси жана өлкөдө орун алган табигый кырсыктарды алдын алуу жана жойуу маселелери каралды. Төрага палатанын депутаттары үзүрлүү иштешти жана 16-сессияда кабыл алынган чечимдер өлкөдө реформалардын мындан ары ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына, демократиялык коомду өнүктүрүүгө өз салымын кошот деген пикирин билдирди.

Өлкөдөгү коомдук коопсуздук маселесине байланыштуу пикирин А. Бөрүбаев мындайча билдирди:

- Биз ички иштер министри Бакирдин Субанбековго тармактагы иштиктүүлүктү жакшыртуу багытында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча тапшырма бердик. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ички иштер органдарын реформалоо боюнча Концепция иштелип чыккан. Анда башка маселелердин ичинде коррупцияга каршы күрөшүүнүн механизмдери жөнүндө да айтылган. Ачык айтканда, коррупция карапайым элдин ичинде жок. Коррупция колунда бийлиги бар чиновниктердин, акчасы бар бизнесмендердин арасында бар. Коррупцияга каршы күрөшүүгө жалаң бийлик органдары эмес, жалпы коомчулук көтөрүлүш керек. Палата коррупцияны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түздү.

Ал эми жакында бийликтин, оппозициянын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтчү «тегерек үстөл» жыйыны кандай жыйынтыкты бериши мүмкүн, деген суроого спикер мындайча жооп берди:

- «Тегерек үстөлдөн» күткөнүм - жалпы бийликтин, оппозициянын, анын ичинде радикалдык оппозиция, саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен бирге биздин улуттук пикирибизди, коомубуздун өнүгүшү, саясий партиялардын келечектеги өнүгүшү жөнүндө бир пикирге келебиз деген ойдомун. Бул болсо, биздин аң сезимибиздеги, идеологиябыздагы жакшы жеңиш болуп калмакчы. Мына ушул маселелерде «тегерек үстөл» өзүнүн чоң жемиштерин берет деген ойдомун.

Ал эми парламенттин тарашына, мыйзамдуу мөөнөткө чейин парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн деген пикирлерге карата спикер А.Борубаев мындай деп айтты:

- Биздин Конституциянын жаңы редакциясында парламент 2005-жылдын февраль айына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат, деп жазылып турат. Буга эч кандай мыйзам менен, бөлөк жардыктар менен дагы өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Ал үчүн кайра референдум өткөрүү керек. Тарап кетүүнүн бир гана жолу бар: эки палатынын депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү өз ыктыяры менен арыз жазып кайрылса парламент тарап кетиши мүмкүн. Бирок, андай болушу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG