Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ ЧЫГАРГАН ЭРЕЖЕНИ АДВОКАТТАР СЫНГА АЛЫШУУДА


Үстүбүздөгү жылдын 21-майында юстиция министрлиги «Адвокаттардын кесиптик этикасынын эрежелерин» кабыл алган болчу. Аталган документ коомчулук арасында карама-каршы пикирлерди жаратты. Айрым адвокаттар «эреже аркылуу юстиция министрлиги биздин эркиндигибизди чектөөгө аракет жасап жатат» дешсе, бийлик, тескерисинче, «документ адвокаттардын ишин тартипке салууга багытталган» деген позицияда турат.

Кыргызстанда буга чейин адвокаттар ишмердиги Кылмыш-процессуалдык жана Граждандык-процессуалдык кодекстерге, ошондой эле, «Адвокаттын ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга жараша жөнгө салынып келген. Адвокаттын иштөөсүнө уруксатты юстиция министрлиги берет жана мыйзамга жараша адвокаттын ишин токтотуп коюу укугу да ошол эле министрликтин квалификациялык комиссиясынын колунда.

Министрлик үстүбүздөгү жылдын 21-майында «Адвокаттардын кесиптик этикасынын эрежелери» аттуу документти кабыл алды. Документ кабыл алынгандан көп өтпөй эле Кыргызстан юристтери ассоцациясынын демилгеси менен юристтердин жана адвокаттардын башын кошкон бир катар бейөкмөт уюмдар «тегерек үстөл» жыйынын өткөрүшүп, анда «Эрежени …» адвокаттардын эркиндигин чектөөгө багытталган документ дешип, сынга алышты.

Юстиция министринин биринчи орун басары Эркинбек Мамыровдун айтымында, жобону кабыл алууга адвокаттардын ишине нааразы болгон жарандардан түшкөн арыздардын көбөйүшү түрткү берген:

- Бул эрежелерди иштеп чыгууга адвокаттардын үстүнөн түшкөн арыздардын жыл өткөн сайын көбөйүп баратканы негиз берди. Айрым адвокаттар келишимде көрсөтүлгөн милдеттерин так айткарбай коюшууда. 2000-жылы адвокаттардын үстүнөн 20 чакты арыз түшкөн. 2001-жылы 23, өткөн жылы 28 арыздануу болгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 29 адам адвокаттардын ишине нааразы болуп бизге кайрылышты.

Анын айтымында, «эреже адвокаттарды сот жана аткаруу органдарына көз каранды каранды кылат» дегендей тынчсызданууларга негиз жок:

- Мен мындай сын-пикирге кошула албайм. Себеби «Эрежеде…» адвокаттарды көз каранды кыла турган бир да пункт, бир да сүйлөм жок!

Мамыровдун пикиринде, болгону, документте Граждандык-процессуалдык жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерде каралган адвокаттардын укуктары менен милдеттери гана такталып конкреттештирилди.

Бирок бир катар адистер юстиция министрлиги чыгарган «Эрежени…» сынга алышууда. Алардын бири адвокат Сергей Слесарев юстиция министрлиги адвокаттарга мындай документти таңуулоо менен алардын эркиндигин чектөөгө аракет жасап жатат деген пикирин ортого салды:

- Мыйзам боюнча, юстиция министрлиги адвокаттардын кесиптик этикасын аныктай албайт. Юстиция министрлигинин мындай документ кабыл алышын мен мамлекеттик органдардын адвокаттарды башкарып алууга жасаган аракети катары баалайм.

Сергей Слесаревдин айтымында, адвокаттардын кесиптик этикасын мамлекеттик орган эмес, адвокаттардын башын кошкон «Кыргызстан адвокаттарынын коллегиясы» же «Кыргызстан юристтери ассоциациясы» сыяктуу бейөкмөт уюмдар иштеп чыгууга тийиш жана министрлик аталган документти жокко чыгарышы керек. Сергей Слесаревдин пикирин колдогон адвокат Галина Кайсарова мыйзамды сактоодо үлгү көрсөтөт деген юстиция министрлиги бул кадамы менен бир катар мыйзамдарды бузду дейт:

- Министрликтин бул чыгарган эрежеси «Эмгек кодексине», «Адвокаттын ишмердиги жөнүндө» жана башка бр катар мыйзамдарга карама-каршы келет. Алсак, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 255-беренеси адвокаттын эркиндигин камсыз кылса, Юстиция министрлигинин «Эрежеси…» адвокатты сотко жана бийликке көз каранды кылып коёт.

Юстиция министринин биринчи орун басары Эркинбек Мамыров «Адвокаттардын ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганына 4 жыл убакыт өттү, адвокаттардын өздөрүнүн мындай эрежени иштеп чыгуусуна ким тоскоол болду деген пикирде.

Адвокаттардын кесиптик этикасы тууралуу эрежелер дүйнөдө жаңылык эмес жана көптөгөн мамлекеттерде мындай документтер бар. Болгону айрым өлкөлөрдө, алсак, коңшу Өзбекстанда андай эрежени адвокаттардын өздөрү кабыл алышкан. Башка мамлекеттерде болсо аны бийлик органдары иштеп чыккан. Адвокаттын кесиптик этикасын жөнгө салуучу эреженин ким тарабынан жана кандай багытта кабыл алынышы адвокаттын көз карандысыздыгын аныктай турган маселе болуп эсептелет. Демократия жолундагы Кыргызстандын шартында адвокаттардын көз карандысыздыгы соттордун эркиндиги сыяктуу эле өтө талылуу, эки эсе маанилүү маселе болуп чыкты.
Ушул апта ичинде юстиция министрлигинин жетекчилиги менен адвокаттардун болжонуп жаткан жолугушуусунда дал ушул талаштуу маселе талкууга алынмакчы. Чатак пайдага чечилээр бекен?..

XS
SM
MD
LG