Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 11:48

Түркиялык он жоокердин Ирактын аймагында кармалышы АКШ жана Түркиянын өкүлдөрү тарабынан иликтенет


“Ирактагы түркиялык он жоокердин АКШнын аскерлери тарабынан кармалышы Түркия менен Кошмо Штаттардын ортосундагы өз ара түшүнбөөчүлүккө алып келиши ыктымал” деп билдирди дүйшөмбү күнү Туркиянын аскерий Башкы штабынын жетекчиси генерал Хилми Өзкөк. Анын айтымында, түркиялык жоокерлердин колго түшүрүлүшүн эки тарап биргелешип илтөөсү зарыл. Өткөн аптанын соңунда он бир түркиялык жоокер АКШнын аскерлери тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Күрд улутундагы эл жашаган аймактан, “жергиликтүү тургундарга каршы террордук аракеттерди жасоого ниеттенген” деп шектелип кармалган. Түркиялык жоокерлер кечээ бошотулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG