Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

АДАМ УКУГУ: АРАП ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ АБАЛ


Дүйнөлүк антитеррордук кампания арап өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалына айрыкча капшабын тийгизди. Өзгөчө Перси булуңундагы өлкөлөрдө террорчу деген шек-шыбаа менен кармалган адамдар түрмөлөргө быкылдап толуп кетти. Аларга айлап-жылдап айып коюлбай жана соттолбой, адам чыдагыс шарттарда кармалып жатат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө абактагыларды уруп-сабап, ар кандай ыкмаларга салып кыйнаган тажрыйба кеңири колдонулат. Бул тууралуу укук коргоочу эл аралык бир катар абройлуу уюмдардын соңку апталарда жарыяланган документтеринде белгиленди.

Арап өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалына көз салган уюмдун жакында эле жарыяланган отчетунда бир гана Сауд Арапстанда миңден ашуун адам кармалып,алиге чейин сурак бербей же соттолбой, абак жайларында жатканы айтылат. Йеменде америкалык обьекттерге кол салынган белгилүү окуялардан кийин камалган көптөгөн адамдардын дарек-дайыны билинбей кетти. Жергиликтүү бийликтер жадесе алардын кайсы түрмөлөрдө жатканын да тууган-уруктарынан жашырып келишет. Ал эми Алжирде өткөн жылы эле сегиз миңден ашуун киши бейдарек болуп кетишти. Алардын изин сүрүштүрүп илик-жааттары быйыл мартта Иракта табылган массалык кабырлардан да караштырып кетишти. Укук коргоочулар ырасташкандай, Ирактагы көрүстөндөргө негизинен күрттөр, кувейттиктер жана Ирактагы диссидентер көмүлгөнү аныкталган.

Human Rights Watch антитеррордук коалициянын өлкөлөрү арап, жалпы эле мусулман дүйнөсүндө адам укуктарынын одоно бузулуп жаткандыгына караманча көңүл бурбай калгандыгын белгиледи. Тескерисинче, террористтик топторго каршы операциялар жүрүп жактан райондордо туткунга алынгандарга адамгерчиликсиз мамиле жасалган учурлар арбыды. Иракта, мисалы, Храйсан ал-Аббали атуу бизнесмендин үйүнө америкалык аскерлер түн ичинде кирип келип, анын бир тууганын каршылык көрсөткөнү үчүн атып салышкан. Ал-Аббалинин өзүн жана сексен жаштагы атасын кармап барып, түрмөгө салышкан. Тергөө маалында ал-Аббалини чөгөлөп гана тура алар абалда төрт күн бою камерада кармашкан; кулактын кужурун алып,мээге жеткидей ач айкырык музыка угузуп, уйку бетин көрсөтүшкөн эмес.

Human Rights Watch азыр ирактык бизнесмендин айткандарын териштирип жатканын билдирди жана америкалык аскерлердин сурак ыкмаларын кескин сындап чыкты. Аскерий командачылыктын өкүлдөрү болсо согуш маалында мындай методдордун колдонулушу толук мыйзамдуу деп эсептешет жана солдаттар бардык эрежелерди так сактап жаткандыгына ишендиришти.

Amnesty International уюмунун Багдаддагы бөлүмүнүн жетекчиси Элизабет Хожкин ирак бизнесмени айткан ыкмалар израилдиктердин колуна түшкөн палестиналыктар, ошондой эле британ аскерлеринин сурак-сопкуттарына алынган ирландиялык католиктер ырастаган методдорго өтө окшош экендигин белгиледи. Суракка алуунун мындай техникасы жөнүндө жыйырма жылдай талаш-тартыш жүрүп келет, - деп айтты ал. Бирок 1982-жылы европа соту аларды адамгерчиликке кайчы келет деп аныктагандан кийин бир катар өлкөлөр, анын ичинде Британия мындай процедураны практикадан алып салган. Израилдин жогорку соту болсо аларды өзгөчө бир жагдайларда гана колдонсо болот деп тапкан. Ал эми арап өлкөлөрүнүн өздөрүнө келгенде, адам укуктарынын мындай эрежелери менен эч ким деле эсептешпейт. Өзгөчө террорист деген шек-шыбаа менен кармалгандардын бир даары ушундай кыйноолордун азарынан сот процессине жетпей эле камакта өлүшкөн. Египетте былтыр «Мусулман боордоштору» деп аталган уюмдун жыйырмадай мүчөсүнүн иши гана сотко ашырылды. Мисир түрмөлөрүндө болсо алардын жүздөгөн өкүлдөрү жатат.

Human Rights Watch адам укуктарынын өңүтүнөн алганда Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы тынчтык планда эч кандай конкреттүү механизм каралбаганын “жол картасы” долбоорунун эң чоң кенемтеси деп баалады. Планга баарыдан мурда медициналык жана гуманитардык чөйрөдөгү коопсуздук чаралары тууралуу жоболор кошумчаланышы зарыл. Адам укуктары Израил жана Палестин тарабынын ортосундагы саясий сооданын предмети эмес, алардын милдеттүү иши болууга тийиш, болбосо “жол картасы” планы мурдагы башка демилгелердей эле оңунан чыкпай калышы ыктымал, деп эскертет Human Rights Watch.
XS
SM
MD
LG