Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

МОСКВА АЗА КҮТТҮҮДӨ, ТЕРРАКТ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК ЧЕЧЕН КОЗГОЛОҢЧУЛАРЫНА ЖҮКТӨЛДҮ


Шейшембиде Москвада аза күтүү күнү болду. Тушино аба майданындагы, өткөн ишембидеги террактан курман болгондордун айрымдары акыркы сапарга узатылды. Андагы жардыруудан эки жанкечтиден башка он үч адам каза таап, алтымыштай киши жарадар болгон. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Бирок, расмий Москва терракт чечен козголоңчуларынын колунан келген иш экенинен күмөн санабайт.

Учурда Орусиянын коопсуздук кызматтары менен ички иштер органдары терракты аткаргандар кимдер экенин тактап, аларга жардам бергендер менен уюштургандардын изине чыгуунун үстүндө иштөөдө. Орус коопсуздук кызматтары ырастагандай, эгер терракты аткаргандардын бири, Чеченстандын Курчалой районун тургуну Зулихан Элихажиева экени биротоло такталган күндө да, бул - чеченстандык аялдар жанкечтиликке барган алгачкы окуя эмес. Былтыр октябрь айында Москванын Дубровка театралдык борборунда жүздөгөн адамдарды барымтага алган куралчан топтун жарымы чечен аялдары эле. Андагы бошотуу операциясы учурунда барымтачылар менен катар барымтадагылардын бир нечеси да коопсуздук кызматтары колдонгон белгисиз газга ууланып, каза табышкан. Өткөн айда болсо Түндүк Осетияда чечен улутундагы аял орус аскерлерин салып бара жаткан автобустун жанында өзүн жардырып, 17 адамды мерт кылган болчу.

Андыктан, расмий Москва азыркы террактын аткаруучуларынын артында чечен козголоңчуларынын лидерлери турганынан шек санабайт. Маселен, президент Владмир Путин дүйшөмбү күнү өкмөттүн жыйынын өткөрүп жатып, мындай деди:

- Дүйнөнүн бир да өлкөсү террорчуларга жетеленбейт. Буга Орусия да барбайт. Анткени, бул багыттагы биринчи эле кадам мамлекеттин ыдырай баштаганын туюндурат. Анда курмандыктардын саны он, жүз, миң эсеге чейин көбөйөт. Терррорчулардын башкы максаты – Чеченстандагы саясий жөнгө салуу жараянын үзгүлтүккө учуратуу. Кылмыштын жөн-жай адамдарга каршы багытталганы - Чеченстандагы бандиттер эл аралык террордук түйүндүн бир бөлүгү экенин далилдөөдө. Бул адамдар менен профилактикалык иш жүргүзүү пайдасыз. Аларды эмдигиче бекинип жаткан жер төлөлөр менен үңкүрлөрүнөн таап жок кылуу гана керек.

Ал эми чечен козголоңчулары болсо Тушинодогу жардырууга тийешеси менен байланышы жок экендигин билдиришүүдө. Бул тууралуу Чеченстандын козголоңчул өкмөтүнүн Интернеттеги баракчасында айтылган. Ошондой эле алар өз билдирүүсүндө терроризмдин бардык түрүн айыпташкан.

Орусиянын коопсуздук кызматтарынын эсебинде, жанкечтиликке баргандардын бири - Чеченстандын Курчалой районун тургуну Зулихан Элихажиева Москвага Грузиянын башкалаасы Тбилиси же Ингушетиянын Назран шаары аркылуу учуп келген. Элихажиеванын бир тууганы козголоңчулардын тарабында согушуп, алты ай мурда курман болуптур. Грузиянын бийликтери жанкечти аялдын Тбилиси аркылуу өткөнү жөнүндөгү маалыматты дароо эле төгүндөштү.

Айтор Москвадагы терракт, айрым баяндамачылардын пикиринде, орус президенти В.Путин үчүн чоң сокку болду. Ал бул кайгылуу окуядан бир күн алдыда эле Чеченстандагы президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеген. Шейшемби күнү расмий басма сөздө жарыялангандан тартып күчүнө кирген жардыкка ылайык Чеченстандагы президенттик шайлоо быйыл 5-октябрда өткөрүлүшү керек. Тушинодогу жардыруудан бир күн мурда эле Путин 1-сентябрдан тартып Чеченстандагы аскерий операцияларды коопсуздук кызматтарынан ички иштер органдарына өткөрүп берүүнү да буюрган болчу. Бул - Орусиянын Чеченстандагы саясий жөнгө салуу жараянын улантып, жергиликтүү бийликти мыйзамдаштыруу багытындагы аракеттери. Ал эми чечен козголоңчулары Москва аларды саясий жараяндан четтетүү менен чечендерди бири-бирине каршы тукуруп жатат деп эсептешет. Козголоңчулардын өкүлү Ахмед Закаев Лондондон кабарчыларга берген маегинде алдыдагы президенттик шайлоону "орус президенти Владимир Путин менен Чеченстандын администрация башчысы Ахмад Кадыровдун ортосундагы гана оюн", - деп мүнөздөдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG