БИШКЕК. Жапониянын Эл аралык кызматташуу агенттиги Ысыккөл облусун өнүктүрүү боюнча башкы план түзүүгө 1 млн. доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу агенттиктин атайын кеңешчиси Коидзуми Жунсаку баштаган делегация премьер-министр Николай Танаев менен бүгүн Өкмөт Үйүндө жолугушкан учурда айтылды. Бул план быйыл түзүлө баштайт да, эмдиги жылы аяктайт. Жолугушууда өкмөт башчысы Николай Танаев Ысыккөлдүн табигый кооздугун келечек муундарга сактап, аны туризмди өнүктүрүү урааны менен жоготуп албаш керек экенин белгиледи.