Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссия талкуулай турган маселелер


БИШКЕК. «9-10-июлда Ташкен шаарында өтө турган кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болот. Анда биз суу-энергетика, Өзбекстанга Кызылкыянын, Ташкөмүрдүн, Сүлүктүнүн көмүрүн сатуу, Ош-Эркечтам жолун оңдоого Ташкендин катышуусу, Баткен облусундагы газ курулуштарын кайтарып алуу маселелерин чечүүнү көздөп жатабыз», - деп билдирди кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кыргыз тарабынын жетекчиси, вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, комиссиянын 5-жыйынынын күн тартибине жалпысынан 8 маселе киргизилген. Эки өкмөттүн бул комиссиясы өзүнүн 4-жыйынын 2001-жылдын июль айында өткөргөн. Андан бери эки тараптуу соода байланышы начарлоодо. Маселен, 2001-жылдын 9 айында Кыргызстандын экспорту 49 млн. доллардан ашуун болсо, 2002-жылдын ошондой мезгилинде ал 25 млн. доллар гана болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG