Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Бүгүн Кыргызстанга ЕККУнун төрагасы келатат


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасы, Нидерландынын тышкы иштер министри Яап дер Хооп Схеффердин Кыргызстанга иш сапары бүгүн кечинде башталат. Эртең ал бир катар расмий жолугушууларга катышат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Схеффер Бишкекте президент Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен жолугушуп, өз ара кызматташтыктын багыттарын талкуулайт. Ушул эле күнү ал ЕККУнун Бишкектеги борборунда жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, басма сөз жыйынын өткөрөт. Иш сапарынын акырында ал Эл аралык антитеррордук коалициянын Ганси авиабазасына барат. ЕККУнун быйылкы төрагасы Нидерландынын тышкы иштер министрлигине 2002-жылдын 22-июлунда Христиандык-демократиялык бирикменин сунушуна ылайык дайындалган.

XS
SM
MD
LG