Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

МАГАТЭнин директору бүгүн Тегеранга келет


Мохаммед ал-Барадейи Ирандын президенти Мохаммад Хатами жана атомдук программанын жетекчиси Голамреза Агазаде менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ал-Барадейи Иранды кошумча протоколго кол койгонго көндүрүүгө аракет кылмакчы. Мындай шартта МАГАТЭнин эксперттери Ирандын атомдук ишканаларын эч кандай тоскун-тоскоолдуксуз текшергенге мүмкүндүк алышат. Тегеран бийликтери буга чейин протоколго кол койгондон баш тартып келишкен эле. Аталган маселени бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази ООНдун баш катчысы Кофи Аннан менен да талкуулады.Телефондогу сүйлөшүүлөр маалында Харрази Иран тарабынын ой-пикири да эске алынышы керектигин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG